• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Күлипа Кондучалова: Менде жакшы мүнөз, сапат болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм

Автор:ruh_admin

Окт 28, 2021
Түгөлбай Сыдыкбеков: Мен жакшы эле кыйды кишинин сырын билүүгө тырышкан кишимин. Исхактын бирөөгө кекенип, жаман ой ойлоп, бирөөгө кек сактаганын байкаган жокмун, мен ушуну айткым келет… Дагы бир сапаты — сен оозуңду ачып айткыча оюңду билип ала койчу… Жанагы советтик партиялык аппаратта жүргөн үчүн гана жазуучулукка убакыт, чамасы жетпей калган го деп ойлойм… Өзбекстанда жүргөндө Антон Чеховдой классикти өзбекче которуп, Сергей Есенинди өзгөчө кастарлаган Исхак Раззаков эгер адабият же искусство жаатында иштеген болсо, өмүр тагдыры кандайча уланаар эле деген кытыгылуу ой да көңүлгө урунат…
Насирдин Байтемиров: Кыргыздарга өткөндө кут эки жолу түшкөн дешет. Биринчи кут — Жусуп Абдрахманов болуп түшсө, экинчи жолку кут — Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок түшкөн кутту кут сыягындай күтүп албаптырбыз… Исхак Раззаковичти учкан кометага салыштырам, куйруктуу жылдызга… Мындай жылдыз кылымдарда бир келсе келет, бирок келгенде да артында жапжарык из калтырат.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс