• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Депутат Ш. Атазов Ошто административдик ресурстар ачык колдонулуп жаткандыгын айтты

Автор:ruh_admin

Окт 27, 2021

Рубрика: Өз кабарчы маалымдайт

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Ош жергесинде административдик ресурстар бийликчил партиялардын пайдасына ачык эле колдонулуп жаткандыгын шардана кылды.

— Ушул тапта шайлоонун шайтан оюндары кадимкидей башталды. Ош

аймагынан коюшкан айрым талапкерлерге Ош облусунун башчыларынын орун басары, прокурорлор административдик ресурстарды колдонушуп, президенттин саясатына каршы иштеп жатышат. Президент Садыр Жапаров: “Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өтсүн!” — деп жатпады беле. Бирок, ошого карабастан баягы бай-манаптар, 10 жылдан бери ушул жерде отуруп жыттанып кетишкен талапкерлер дагы эски оорусун карматышып, административдик ресурстарды ачык колдоно башташты, – деп чырылдады Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов .

Бирок, парламентарийдин бул сынына БШК жана президенттин Ош облусундагы Өкүлчүлүгү жооп катыша элек…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов.

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс