• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткенде коңшу өлкөнүн жараны ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды

Автор:ruh_admin

Окт 27, 2021

БАТКЕН. Ички иштер министрлигинин Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облус боюнча башкармалыгы тарабынан маңзатын соодалаган чет элдик жаран кармалды.

Шектүү Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо маңзаттарды жеткирүүнү уюштуруп, а түгүл сатууну дагы көздөгөн. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ыкчам иликтөө иш-чаралары маалында кармалган киши Тажикстандын жараны экендиги аныкталды. Тинтүү учурунда анын жанынан 9,5 килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар зат табылып алынды. Соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алынган зат Ооганстанда өндүрүлгөн кадимки нашаа экендиги айгинеленди. Кармалган жаран Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экендиги маалым. Адистер бул жолду “Түндүк маршрут” деп аташып, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу тонналап, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай тургандыгын айтып келатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөт автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс