• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлер эскерилди

Автор:ruh_admin

Окт 27, 2021

БИШКЕК. Бүгүн Баткен жоокерлеринин эстелигине гүлчамбар коюлду. Анткени, маркумдар 1999-2000-жылдардагы эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткарып жатышап курман болушкан.

Коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов берген антына бекем турушуп, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн өмүрүн кыышкан жоокерлер элдин эсинде түбөлүккө сакталаарын убадалады. Иш-чара Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багындагы митинг-реквием менен уланды. Анда курман болгондор эскерилип, үч жолу залп менен ок дагы тылды.

Эскерүү иш-чарасына коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери, Баткен жоокерлеринин республикалык Кеңешинин, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуясында каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс