• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АКЧА КАЙДАН?

Автор:ruh_admin

Окт 27, 2021

Жапаровдор келерки жылкы бюджетти 280 млрд. сомго жеткиребиз, андан ары 400 млрд сом, 600 млрд. сомго жеткиребиз деп күпүлдөшкөнү баарыбызга белгилүү.

Чындыгында абал кандай?
Келерки жылы чын эле бюджет 280 млрд. сом деп каралып жатабы?
Келерки жылкы республикалык бюджеттин кирешеси 203.5 млрд. сом деп түзүлүп жатканын каржы министрлигинин сайты кабарлады. Чыгашасы 212.7 млрд сом деп каралып жатыптыр. Тартыштык 9 млрд. сомдон ашат.
Демек, бюджет 280 млрд. сомго жакындабайт.
Негизи салыктан, бажыдан түшкөн каражатты бюджеттин чыныгы кирешеси деп атоого болот. Бул жагынан алганда келерки жылы салыктан 156 млрд. сом түшөрү айтылган. Ар кандай трансферт же сырттан жардамдар 16.4 млрд. сом деп белгиленген.
Дагы бир белгилей турган өтө олуттуу маселе-ички карыздын көлөмү кескин өсүп баратышында. Бул эрендер сырттан карыз албай жатабыз деп мактанган (анысы да калп экени бир нече жолу далилденди) менен ичтен абдан көп карыз алып жатканы маалым болуп жатат.
Ичтен карыз алуу өзгөчө С. Жапаров бийликке келгенден кийин күчөгөн.
Карап көрүңүз:
2018-жылы ички карыздын көлөмү 44.6 млрд. сом болсо, 2019-жылы 51 млрд. сомго жеткен.
2020-жылдын аягына барып (С. Жапаров бийликке келген) 58 млрд. 500 млн. сомго барган.
Быйылкы жылдын июнь айына карай дагы өсүп, 64 млрд. 500 млн. сомго жеткен.
Демек, Садыр жана Акылбек Жапаровдор ички рыноктон акыркы жылдары 200 млн. долларга жакын карыз алышкан.
Ички карыздардын эсебинен бюджетке акча топтоп, аны ийгилик катары көрсөтүү кезектеги өзүн-өзү алдоо жана карыздын сазына батыруу…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс