• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

Сүйөрбек ИСАЕВ: “ГҮЛЧӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ДОТАЦИЯДАН БОШОНГОН”

Автор:ruh_admin

Окт 26, 2021

Элетте эмгектенсең, утасың!

Алай районуна караштуу Гүлчө Айыл Өкмөтү  республикабыздагы быйыл эң алдыңкы Айыл Өкмөтү деп табылганы менен аймакка эмдигиче шаар макамын ыйгаруу маселеси эмнегедир кечеңдетилип гана келатат. Мунун чоо-жайын аталган Айыл Өкмөттүн башчысы Сүйөрбек ИСАЕВдин өзүнөн сураштырдык.

  • Сүйөрбек мырза, республикалык сыйлыгыңыздар кут болсун!
  • Чоооң ыракмат! Тең болсун!
  • Өлкөбүз боюнча эң жогорку чекти багындырып, натыйжада

бир миллион беш жүз миң сом утуп алаарыңызды күттүңүз беле?

  • Жок! Кыска аралыкта  Гүлчө Айыл Өкмөтүнүн босогосуна – кире

беришине   арка орнотконбуз. Гүлчө кыштагындагы сейил бакты иштетип, анда балдар ойноочу аянтчаны  дагы уюштурдук. Ички донорлорду таап, кыштак арасындагы унаа жолдорун бүтүндөй асфальттаттык.

Өз эсебибизден турмуш- шарты абдан начар үй-бүлөлөргө 21 заманбап үй куруп, ээлерине бекер тапшырдык. Бул сопсонун курулуштарда жалаң гана жергиликтүү жумушсуз жаштар эмгектенишип, алардын баарына тең кадимкидей маяна төлөдүк. Тээ Союз мезгилинде пландаштырылып, уламдан улам кийинкиге жылдырылган Курманжан Датка жана Камчыбек уулу Кадырбек атындагы көчөлөргө дагы асфальт төшөдүк. Буга улай бардык көчөлөрүбүздү дагы катарынан жарыктандырдык. Түндөсү Гүлчө тим эле абдан кооз көрүнөт.

Дал ушул эмгектерибиз көңүл сыртында калбаптыр, эй. Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан Гүлчө Айыл Өкмөтүнө республикабыздагы Айыл Өкмөттөрүнүн арасында биринчи орун ыйгарылып, бир миллион беш жүз миң сомдук сертификатты колума мамлекет башчыбыз өзү тапшырды.

  • Эми мынча каражатты кайсыл кем-карчыңыздарга  

жумшамакчысыздар?

  • Аймагыбызда “Гүлчө тазалык” муниципалдык ишканасы бар.

Техникалары  бүт эбак эле эскирген. Эми бул мекемеге заманбап жана абдан ыңгайлуу автоунааларды сатып бермекчибиз.

  • Тарыхка бекем үңүлсөк, Гүлчө кыштагы кайсыдыр бир

кылымдарда кадимкидей эле шаар аталыптыр. Өзү дагы ошого татыктуу болгон экен. Жаңылбасам,  Роза Отунбаева Президент кезинде Гүлчө  кыштагына а түгүл шаар макамын деле ыйгарбады беле. Анан эмнеге дагыле кыштак бойдон жүрөсүздөр?

  • Шаар макамынын талабына ылайык калктын саны 20 миңден ашык

болушу  кажет экен. А бизди ушул тапта 18 миң 67 гана киши туруктуу байырлайт. Бирок, ички мигранттарды кошкондо элибиздин саны 20 миң адамдан ашты.

  • Карасаңыз, бийик тоолуу Алай жергесинин бир гана колотунда

жайланышкандыктан, Гүлчө Айыл Өкмөтүнүн аянты моминтип абдан эле тар. Ошондуктан, ирегелеш башка Айыл Өкмөттөрүнүн кээ бир кыштактарын Сиздерге кошсо болбойт беле? Ошондо накта шаарга айланат элеңиздер?

  • Бул эми юридикалык жана административдик маселе. Биздин

компетенциябызга таптакыр кирбейт. Бирок, Кыргыз Өкмөтүнө ушул өңүттө атайын Кайрылуу жолдоо ниетибизде бар.

  • Ушинтип дагыле мамлекеттик дотацияда олтура бересиздерби?
  • Алишер мырза,терең жаңылышасыз. Гүлчө Айыл Өкмөтү

республикабызда эң алгачкылардан болуп дотациядан эбак бошонгон. Бюджетибизди өзүбүз эле түптөп, кректөөсүнө жараша мекеме—ишканаларга калыс гана бөлүштүрүп берип келатабыз.

  • Баса, азыркындай кыйчалыш заманда жетиштүү каражатты

кантип таап жатасыздар?

  • Кудайга шүгүр, өзүнчө түтүн булаткан мекенме-ишканалардан биз

деле куру эмеспиз. Базарыбыз дагы дагы бар. Ушулардан кошумча нарк салыгын, ошондой эле салыктын башкка түрлөрүн убагында чогултуп турабыз.

  • Сүйөрбек мырза, демек, өз киндигиңиздерди өзүңүздөр кесип,

бутуңуздарга туруп келатыпсыздар да?

  • Ооба. Жогорку бийликке жолдогон өтүнүчүбүз орундалса,

аймагыбыз кыйла кеңейип, калкыбыздын саны дагы өссө, жакынкы жылдарда Гүлчө кыштагына шаар макамы ыйгарылат деген терең үмүттөмүн!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Алай району

СҮРӨТТӨРДӨ: 1) Президент Садыр Жапаров Гүлчө Айыл Өкмөт башчысы Сүйөрбек ИСАЕВдин колуна “Эң мыкты Айыл Өкмөтү” сертификатын тапшырды.  2) Алай районунагы Гүлчө Айыл Өкмөт башчысы Сүйөрбек ИСАЕВ. 3), 4), 5) Алай районуна караштуу Гүлчө Айыл Өкмөтү. 6), 7), 8) Алай районуна караштуу Гүлчө Айыл Өкмөтүнө караштуу айылдарда.

Сүрөттөр автордуку.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс