• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНДА ОН КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨР МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУП ЖАТКАНДЫГЫ АНЫКТАЛДЫ

Автор:ruh_admin

Окт 26, 2021

Рубрика: Өз кабарчы маалымдайт

ОШ. Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик Агенттиги Ош шаарында он көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгын акыры аныктады.

Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик Агенттигинин маалыматына караганда, Оштогу компаниялар курулуштарын өз алдынча эле башташкан. Текшерүү маалында алардын колунда тийиштүү документтери дагы жок болуп чыкты. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги а түгүл 10 курулуш ишканасынын тизмесин дагы ачык жарыялады. Агенттик бул тизмедеги компаниялардын курулуштарына мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү кызматтарга жана укук коргоо органдарына жөнөттү.

Ал эми Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгы 2020-жылы шаарында жалпы жонунан 26 көп кабаттуу үй мыйзамсыз эле курулуп жаткандыгын жар салган эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2) Ош шаарында мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөр.

Сүрөттөр автордук

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс