• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Медиа форумдан кийин…

Автор:ruh_admin

Окт 26, 2021

Түрк тилдүү өлкөлөр бирдиктүү болсок, башка кыйынчылык түшкөн учурда жардам беришип турсак деген ниеттери бар экенин сездим. Биз барган медиафорум ошондой кызматташуунун бир эле салаасы экен. Албетте, мындан тышкары маданий, илимий алака катышыбыз бир топ тереңдеп баратыптыр.

Түрк кеңеши түзүлгөнүнө 12 жыл гана болуптур. Ушул убакыттын ичинде түрк тилдүү мамлекеттердин арасында бир нече ири эл аралык уюмдар, атап айтсак, Түрксой, Астанадагы түрк академиясы, Түрк кеңеши сыяктуу уюмдар активдүү иштеп жатканын билебиз.
Дагы бир байкаганым, азербайжан туугандарыбыз түрк туугандар менен абдан жакындашып алышыптыр. Себеби да белгилүү, Карабах окуясы ушул кезге чейин эсибизде. «20 жылдан кийин жерибизди кайтарып алдык» деген сезим күчтүү экен. Бул иште Түркиянын салымы кандай болгону баарыбыз билебиз.
Кыргызстан дагы ушул багытта активдүү иш алып барсак, эл аралык уюмдары менен алака катышта активдүү болсок деген ой келди. Айрыкча Кыргызстан мүчө болуп турган жансыз уюмдардан көрө Түрк тилдүү мамлекеттер менен активдүү мамиле кылсак, түбү бирге баары бир түтпөйт эле.
Дагы бир нерсе, кайсы мамлекет экономикалык жактан күчтүү болсо, өнүгүүсү башка мамлекеттерге караандатпай кетип баратса, чоң, кичинесине карабай башка мамлекеттердин кысымына туруштук бере алат.
Ал эми биз көргөн Стамбулдагы керемет көрүнүштөр тууралуу өзүнчө сөз кылса болот. Айрыкча ичти күйгүзгөнү, түрк сериалдары тартылган жерди кастарлап, аны туристтик жайга айландырып жиберишкени болду. Ага караганда бизде Чыңгыз Айтматовдун бала кезинен акыркы жылдарына чейин жашаган үйлөрүн, эс алган жерлерин атайын туристтик машрут кылып иштесе неге болбойт? Же бул тууралуу иштеп жаткандар барбы?
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс