• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АКШ Кыргызстандын күч органдарынын кызматкерлерин терроризмге каршы күрөшүүгө окутту

Автор:ruh_admin

Окт 26, 2021

АКШнын УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ СОНАТА КОУЛТЕР КЫРГЫЗСТАНДЫН ИИМнин ЖАНА УКМКнын КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КОЛДОО КУРСУН АЯКТАШЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

БИШКЕК. АКШнын убактылуу ишенимдүү Өкүлү Соната Коултер Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлерин Терроризмге каршы күрөштү колдоо (АТА) “Чет элдик согушкерлер: оперативдик жана тергөөчү аракеттер” курсун аяктоосу менен чын ыкластан куттуктады.

Америкалык жана Кыргызстандын укук коргоо жана коопсуздук түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматташтыкты күчөтүп, аймактагы чет элдик террорчуларды (FTF) аныктоо, иликтөө жана көзөмөлдөө боюнча билимдерин ого бетер өркүндөтүштү. Убактылуу ишенимдүү Өкүл Коултер Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын узак жылдар бою терроризм коркунучуна каршы биргелешип күрөшүп келишкендигин баса белгилеп, келечекте бул кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүүнү чыдамсыздык күтүп келээрин кошумчалады.

Баса, “Чет элдик согушкерлер: оперативдик жана тергөөчү аракеттер” курсу терроризмге каршы күрөш боюнча долбоорунун Кыргызстанда 2018-жылдан кийин биринчи жолу өткөрүлгөн курсу. 2022 -жылдын апрелине чейин өлкөдө дагы ушундай эле алты кошумча курс пландаштырылган.

ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КОЛДОО (АТА) ДОЛБООРУ ЖӨНҮНДӨ. Бул долбоор Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө активдүү жана жылдык регионалдык жардам 1333000 долларга бааланат. Ал 1983-жылы негизделген, Мамлекеттик департаменттин Терроризмге каршы күрөштү колдоо программасы. (АТА) — АКШ өкмөтүнүн антитерроризмге каршы тренинг жана чет элдик укук коргоо органдары үчүн жабдуулар менен камсыздоочу программасы. АТАнын бардык жардамдары укук ченемдеринин алкагында жеткирилет, бул адам укуктарын урматтоого көмөктөшөт жана камтылган насаатчылар жана тренер-тренинг программалары сыяктуу мыкты тажрыйбалар аркылуу өзүн-өзү камсыздоо жөндөмүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. АТА Терроризмге каршы бюродон каржылоону жана саясий жетекчиликти алат жана Дипломатиялык Коопсуздук Кызматы (DSS) тарабынан башкарылат. АТА аркылуу DSS кызматкерлери укук коргоочу өнөктөштөрдүн терроризмге каршы күрөшүү жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүп, террористтик ишмердүүлүктү аныктоо, токтотуу жана үзгүлтүккө учуратуу үчүн билимин жогорулатуучу тренингдерди жана тактикалык көндүмдөрдү өнүктүрүшөт. Заманбап окуу планы жана жабдуулар гранты менен, АТА программасы биздин улуттук коопсуздукка, дүйнө жүзү боюнча өнөктөштөрүбүзгө жана жалпы эл аралык тынчтык менен стабилдүүлүккө чоң салым кошууну улантууда.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

СҮРӨТТӨРДӨ: АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер Кыргызстандын ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлерин Терроризмге каршы күрөштү колдоо курсун аякташы менен куттуктады.

Сүрөттөр автордуку

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс