• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

Тажик коркунучу жана талибдердин пайда-зыяны

Автор:ruh_admin

Окт 25, 2021
«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн
Жакында Эл аралык волейбол федерациясынын билдиргени боюнча «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ооганстандын волейбол боюнча курама командасынын мүчөсү Махджабин Хакиминин башын кесишти. Маалыматтарга караганда, ал тек гана аялдар спортунун өнүгүшү боюнча бийликтин көз карашына каршы чыккан экен. Ошон үчүн өлтүрүп отурушат.
Бийликке келгенден тартып «Талибан» кыймылы музыкага тыюу салды. Болгондо да четтен келген маданий агымдар эмес, дал ооган салттуу музыкасынын өкүлдөрү баарынан катуу жапа чегүүдө. Бир топтору өлтүрүлүп, башкасы өнөрүн токтотууга аргасыз болду.
Мунун баары «Талибан» кыймылы өзү да танбаган факт.
Эми бизде бул кыймылдын жеңишине сүйүнгөндөрдүн бир топтору ошолор орноткондой бийликти көксөп жатканын соцтармактардан ачык айтууга да жетишти. УКМК алар менен иш алып бардыбы, алып барса жыйынтыгы эмне болду, белгисиз. Белгилүүсү — Интернеттен Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына шек келтирген, башкасын кой, Манасты ашата сөккөн жаныбарлар тууралуу атайын кызматтарга канча арыз түшсө да чара көрүлгөн эмес. Ал эми дин аралык кастыкты козгоо боюнча бир нече иш козголду. Ушунун өзү улуттук жана диний баалуулуктарды тараза ташына салууда мамлекеттик бийлик калыстык кыла албай жатканын көрсөтүп турат.
Эмнеси болсо да эгерде азыркы Ооганстандагыдай тартип орной турган болсо, айталык өмүрү тургай өлүмү да жалпы кыргызды бириктирген Элмирбек Иманалиевдин өнөрүнө тыюу салынары шексиз. Быйыл жалпы элге дух берип, баарын телеэкрандын алдына алып келген спортчуларыбыздын да бир топтору куугунтукка түшөрү анык. Кыскасы, мамлекетти башкаруунун модели катары талибдердин үлгүсү кыргыздын улуттук кызыкчылыгына ачыктан ачык зыян. Андыктан улуттук каада-салтты өз билгениндей бурмалаган мындай агымдар биздин элдин кызыкчылыгына канчалык туура келерин жалаң эле радикалдар эмес, жалпы эл өзү чечсин.
Бизди башка өңүтү кызыктырат
Жогорудагы жагдайларды эске алышканбы, айтор өткөндө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков талибдерге барып гуманитардык жардам көрсөткөндө бир топтору жактырган жок. «Ушулар менен да мамиле түзөбү?» деп катуу сындашты. Талибдердин өнөкөтү бизге жугабы деген чочулоонун түбү түшүнүктүү. Бирок алар бир геосаясий жагдайды эске албай атышат. Масадыковдун барып талибдер менен биринчилерден болуп мамиле түзгөнү түшүнгөн кишиге туура болду.
Анткени ушу тапта талибдер менен тажик бийлигинин мамилеси жакшы эмес. Расмий Дүйшөмбү орустарга таяндыбы, же арааны ачылып кеттиби, айтор ачыктан ачык эле Ооганстандын ички саясатына таасир этүүгө аракет кылып жаткан чагы. Эмомали Рахмон Ооганстанда тажиктер 30-40% түзөрүн эске салып, аларга да бийликтин бир үлүшүн берүүнү талап кылган. Тажик муфтийи талибдердин диний тартибин сындап чыккан. Ага жооп кылып талибдер Рахмондун бийлигин «ички ишибизге кийлигишпегиле» деп каккан да жайы бар.
Биз үчүн кимисинин зыяны көбүрөөк? Талибдер менен биздин чек ара чатагыбыз жок. Алар биз менен чектешпейт. Ал эми Тажикстан менен чечиле элек чек ара талашыбыз бар. Талибдер менен биздин башка да чатагыбыз жок. Алар тескерисинче тажиктер менен чатакташа турган талаштуу жагдайлары көп. Болгондо да табигый жактан негизделген чатактар.
Бизге ошонусу пайдалуу. Эгерде талибдер менен Тажикстандын ортосунда чатак күч ала турган болсо биз кыйналып жатканда бир да пайда-батасы тийбеген ЖККУнун алкагындагы милдеттерибизди эмес, биринчи иретте улуттук кызыкчылыгыбызды ойлошубуз керек. Улуттук кызыкчылык тажиктерди талибдер кыса турган болсо биз чек арадан экономикалык блокаданы улантышыбызды талап кылат. Агрессор тарап канчалык алсыраса ошончолук бизге пайда, ал башкалардын колу менен жасалса андан бетер жакшы. Ошондуктан бийликтин Масадыковду талибдерге атайын миссия менен жөнөткөн тапшырмасы ушул максатты көздөгөн кадамдардын башы болсо, аны колдош гана керек. Садыр Жапаровдун «чек ара маселеси чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасы ачылбайт» деген билдирүүсү да мамлекеттик кызыкчылыктын өңүтүнөн алганда туура.
Албетте, мунун баары Тажикстандын агрессиясындагы биздин бийликтин теңирден тескери аракеттерин, андан кийинки жаңылыш дипломатиялык кадамдарын да жокко чыгарбайт. 36 жараныбыздын өлүмү үчүн жоопкерчилиги тууралуу маселени да четке какпайт.
Бул жерде бир гана маселе бар — Орусиянын басымы. Москва ооган багытындагы дымагынан баш тарта элек. Анын деле кооптонгону биздикине окшош — ооган качкындары, диний экстремизмдин экспорту. Мындан тышкары Орусия чатак чыккан жерлерге кирип барып ортомчу сыяктуу роль аткарып, ал аркылуу өз таасирин күчөтүүгө аракет кылган өнөкөтү да илгертен белгилүү. Бирок эгерде орус дипломатиясы Тажикстанга жан тартканын улантып, ал тарапка курал, азык-түлүк ж.б. өткөрүүнү талап кыла турган болсо өзгөрмөлүү кыргыз бийлиги өз убадасын аткара алабы же жокпу? Бул чындап келсе принципиалдуу маселе.
Улуттук кызыкчылык жеке симпатия менен антипатиядан жогору турат. Андыктан бийликтин бул кызыкчылыктарга туура келе турган аракеттерин колдоп, ага каршы келген иштерин аесуз сындай бериш керек. Ал эми ал кызыкчылыктарды жалпы коом түшүнүшү андан бетер маанилүү. Бизге таңууланган мазмундагы эмес, чыныгы жарандык коом ошентип калыптанат жана өлкөнүн келечегин аныктайт.
Жыргалбек Касаболот.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс