• Вт. Окт 4th, 2022

Популярные метки

КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН дагы ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ катары өлкөбүзгө келишине шарт түзүлүшү керек

Автор:ruh_admin

Окт 25, 2021

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү пресс-конференцияда мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө берилген суроого: «Ал боюнча маселе жок. Экс-президент боюнча калат. Эми биз президенттерди жоопко тартып, куугунттуктап, кубалаган салтты токтотолучу. Мен ошол үчүн экс-президентти бердим. Анын чоң кылмыштары жок бирок саясий жактан чоң жоопкерчиликтери бар»,- деп жооп бергенин уктук. Садыр Жапаровдун бул демилгесин Кыргызстандын саясий тарыхындагы чоң бурулуш деп бааласак болобу? Эгер бул жерде «Ала койду бөлө кырккан» кандайдыр бир кызыкчылык болбосо, анда Садыр Жапаровдун бул сөздөрүн кубаттап колдосок болот. Роза Отунбаева деле кандуу Ош окуясы боюнча саясий жоопкерчилик алса, Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын июль айындагы жана октябрь айындагы курмандыктарга, ок атууларга, майып болгон жаштарга дагы саясий жоопкерчилик алса. Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков он жыл ичинде өлкөнү сенектик абалга туш кылышса дагы саясий жоопкерчилик болсо. Аскар Акаев болсо он беш жыл өлкөнү итке мингизип туруп, Аксыдагы өмүрлөрдү алса дагы саясий жоопкерчилик алып, эч нерсе болбогондой жалжайып өлкөгө конокко келип кетти…

А эмне үчүн Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү Президент болгон КУРМАНБЕК БАКИЕВДИ азыркы күнгө чейин өлкөбүзгө кайрылып келишине мүмкүнчүлүк бербей келебиз? Эмне үчүн Атамбаевдин алкаш соттору мас болуп отуруп алып Бакиевдерди каралап чыгарып салган чечимдери кайрадан карала элек? Эмне үчүн Курманбек Бакиевдин беш жыл ичинде өлкөнүн экономикасын көтөрүп өнүгүүнүн жолуна түшүргөн эмгеги бааланбайт? Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү, бир туугандары эч кандай КЫЛМЫШКЕР эмес экенин 11 жыл ичинде жакшы түшүндүк. Ал эми 2010-жылдагы 7-апрель боюнча Курманбек Бакиевдин эч кандай кылмышы жок экени баары бир далилденет. Башкалардын элди атканы үчүн, башкалардын өлкөнү баш аламандыкка алпарганы үчүн, бийлик үчүн күнөөсүз адамдардын канын төгүүгө даяр саясатчылар үчүн Курманбек Бакиевди күнөөлөп, куугунттуктап келген жоосун дагы Садыр Жапаров тарабынан токтотулат деп ишенем.
Курманбек Бакиевдин экс-президент катары өлкөбүзгө кайрылып келишин күтөбүз.
Асейин Саралаев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс