• Сб. Ноя 26th, 2022

Популярные метки

Чыдай тургула!

Автор:ruh_admin

Окт 23, 2021
Чолпон Джакупова таамай айтты: «Бизге чыдай тургула деп коюп, өздөрү жыргап жашап жатышат». 30 жыл чыдадыңар, эми чыдай тургула, «мен толук кандуу жумушка кирейин», анан 2 ай, 3 жыл деп жатып бир жылдын ичинде 111 млн 616 миң сом «Ала Арча» резиденциясына сарпталыптыр. Садыр Жапаровду, анын үй- бүлөсүн багуу үчүн элдин 5 млн 196 миң сому сарпталат экен. Мейли, Садыр Жапаров Кыргызстанды басып алган президенти деп 5 млн 196 миң сом алсын дейли, деги тойсунчу дейли! А калган акча каякка кетип жатат? Ушунда менин, сенин, менин бир туугандарымдын, досторумдун, тең туштарымдын, негизи эле Кыргыз элинин, Кыргызстандыктардын 106 миллион 420 миң сому каякка кетти? Резиденцияда жашаган Камчыбек Ташиев үй-бүлөсү менен, Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен, Талант Мамытов үй-бүлөсү менен, Садыр Жапаров озу баш болуп үй-бүлөсү менен Кыргызстандыктардын 106 млн 420 миң сомун каякка коротуп жатышат? Бир жылдын ичинде Кыргызстанга чоң саясий фигура келбесе, башка өлкөлөрдүн башчылары каттабаса, чоң жолугушуулар болбосо, саммит, брифинг, заседание, съезд аттуу нерселер өтпөсө. Мындай чоң ири суммадагы акчалар каякка кетип жатат? Болгону Ташиевдин уулунун тою өттү, Садыр Жапаров 110 чимкирик койлорду эки ирет тосту, Аскар Акаев, Болот Шер, Ширшов жана башкаларга чай берди, андан башка маанилүү, Кыргызстандын келечегине таасир этчүдөй иш чарага деле өткөн жок. 106 млн 420 миң сом орточо эсеп менен алганда 13000 мугалимдин, 15000 дарыгердин акча маянасын, 35 000 пенсионердин пенсиясын, 5 млн 321 миң маршруттканын жүргүнчүлөрүнүн төлөм акысын түзөт экен. Чыдай тургула деп коюп 13000 мугалимдин, 15000 дарыгердин, 35000 пенсионердин акчасын 4 үй-бүлө жеп олтурат. А вместе с тем, карапайым элге нан 25-30 сом, жол кире 25 сомго көтөрүлгөнү жатат, көмүр 4000-5000 сомго чыкты, бензин — 60 сомду түзөт, башкасын айтпай эле коёюн. Бир жылдын ичинде азык-түлүктүн, кийим кеченин баалары экесе көтөрүлсө, сом инфляция болуп жатса, свет бир өчүп, бир куюп, эл караңгыда отурса, экономика дефолтко учураганы жатса, кризис күч алып жатса, булар күтө тургула, чыдай тургула деп коюп элдин эсебинен жыргап, бекер жашап, элдин акчасын ысырапкорчулук менен коротуп жатышат. Бул уятсыздык! Орусча айтканда, «ничего святого не осталось».

Чолпонбек Сыдыкбаев.

(материал автордун Фейсбуктагы барагынан алынды).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс