Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Жалал-Абад милициясы жаштарды кылмыштуулуктан алыс жүрүүгө үндөп жатат

Жалал-Абад милициясы жаштарды кылмыштуулуктан алыс жүрүүгө үндөп жатат

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык милициясынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери билим берүү мекемелеринде окуучулар жана студенттер менен жолугушууларды үстөккө-босток өткөрүп жатышат.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын атайын маалыматына караганда, шаардык мэриянын, билим берүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында профилактикалык иштерды ырааттуу жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери жаштарды кылмыштуулуктан, укук бузуулардан таптакыр алыс болууга чакырышты. Мыкты билим жана татыктуу тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга дагы бекем үндөштү. Ошондой эле эрте никеге туруунун, мектеп рекетчилигинин, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууда биргелешип иштөө керектиги дагы да баса айтылды.

Белгилей кетчң жагдай: Түштүк чөлкөмүндөгү Жалал-Абад шаарынын аймагында 20 мектеп, 4 окуу жайы жана 4 лицей бар.

БАТКЕНДЕ КҮЙӨӨ БАЛАСЫНЫН ӨЛҮМҮ

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс