Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Сузактагы мектепти курууда мамлекетке 5 млн. сом зыян келтирилген

Сузактагы мектепти курууда мамлекетке 5 млн. сом зыян келтирилген

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Талаа-Булак айылындагы Ажимат Матиев атындагы №76-мектептин курулуш иштеринин көлөмү өз ара сүйлөшүү жолу менен атайылап көбөйтүлгөн. Мунун айынан билим журтунун курулушунда мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги акыры аныкталды. Бул жөнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билиришти.

Расмий малыматка караганда, УКМК Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы Ажимат Матиев атындагы № 76-орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн атайылап жогорулатуу менен өз ара жең учунан сүйлөшүп алган фактыны акыры ашкереледи.

Анткени, аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин чыныгы көлөмү жана алардын баасы, чындыгында, ашкере жогорулатылып баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү ачык бузуулары, ошондой эле курулуш эрежелеринин талаптарын жана курулган объектилерди пайдаланууга кабыл алуу эрежелерин жаап-жашырышкандыгы, мунун кесепетинен мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилгендиги ырасталды

Ал эми ушул тапта бардык жагдайларды так аныктоо жана чыныгы күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аракеттер жасалууда. Анткени менен шектүү тараптан бул боюнча комментарий боло элек.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Фотолор автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс