• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Президент шайлоодо диний чакырыктарды колдонбоону эскертти (видео)

Автор:ruh_admin

Окт 22, 2021
Мурдагы өкмөт үйү, азыркы президенттик администрациянын алдында окулган Курман айт намазы. 2019-жыл.
Мурдагы өкмөт үйү, азыркы президенттик администрациянын алдында окулган Курман айт намазы. 2019-жыл.

«Диний баалуулуктар биздин дилибизде болушу керек. Бирок аны саясий куралга айландырбайлы. Бир дагы саясий партия, бир дагы саясатчы шайлоо процессинде динди, диний символиканы, диний терминди же диний чакырыктарды колдонбошу керек. Мен муну шайлоого катышабыз деп каттоодон өткөн партиялардын жетекчилеринен, бир мандаттуу округдардан талапкерлигин койгон жарандардан өтүнөм», — деди Жапаров.

Президент Конституцияга ылайык, ар бир адамга ой, сөз жана дин эркиндиги берилгенин билдирди жана ар бир адам каалаган динди карманууга же эч бир динди тутпоого укуктуу экенин, мамлекет жарандардын бул укуктарын толук камсыздай турганын белгиледи.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Динге негизделген саясий партия түзүүгө мыйзам жол бербейт.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 80% ашууну мусулманчылыкты карманат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

https://www.azattyk.org/a/31522119.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс