Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Баткенде акыркы 31 үй пайдаланууга тапшырылат

Баткенде акыркы 31 үй пайдаланууга тапшырылат

БАТКЕН.Баткен жергесиндеги Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында дагы 31 үй жакынкы күндөрү толук бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылмакчы. Бул жөнүндө президенттин Баткен облусундагы Өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков кабарлады.

Азат Курбанбеков ырасташынча, быйыл жазындагы Кыргыз-Тажик чек арасында куралдуу жаңжалда жапа чегишкен үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 үй жаңыдан курулууда. Мунун арасынан 100 үй Лейлек районунда толугу менен бүткөрүлүп, ээлерине эбак  тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылында тогуз үй бүтүп, 18-октябрда пайдаланууга берилди.

Ошентип, быйыл, 28-30-апрелден 1-майга чейин Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жалпысынан 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Аларды калыбына келтирүү үчүн максатында атайын эсеп ачылып, жөнөкөй тургундар, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жиберген акча атайын эсепке чогултулган. Натыйжада жалпы 119 миллион 695 миң 848 сом чогултулду.

Аталган куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза тапкан. 180ден ашуун мекендешибиз түрдүү даражада жараланган. Ал эми Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бул кагылышта бири-бирин айыптап, а түгүл кылмыш ишин дагы козгошкон.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс