Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Акыйкатчы кеңсесинин Өзгөндөгү жыйынында диний көйгөйлөр көтөрүлдү

Акыйкатчы кеңсесинин Өзгөндөгү жыйынында диний көйгөйлөр көтөрүлдү


Тургундар кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсызданышууда. Сүрөт иллюстрация үчун колдонулду.
Тургундар кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсызданышууда. Сүрөт иллюстрация үчун колдонулду.

Омбудсмендин басма сөз кызматы билдиргендей, тургундар райондун аймагында мусулманчылык көз караштан улам кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдиришкен. Ошондой эле үйлөнгөн жаштардан Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын документин сурабай эле молдолор өз билемдик менен нике кыйып жатканын айтып, мыйзам аркылуу буга чек коюп берүүнү суранышты. Айрым ата-энелер мектепке жоолукчан барган кыздарга тыюу салган учурлар болгонуна арызданышкан.

Өзгөн райондук администрациясында өткөн жыйынды омбудсмендин орунбасары Альберт Колопов баштаган укук коргоочулар катышышты. Акыйкатчы кеңсесинин адистери “Укук кербени” долбоору аймактарда эле менен жолугуп, мекеме-ишканалардагы абал менен таанышып жүрүшөт.

Үйлөнгөн жубайлар алды менен мамлекеттик органдан каттоодон өтүшү, молдо ошол документтин негизинде диний нике кыйышы керектигин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы буга чейин эскерткен.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы — 18 жаш. Жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Диний жөрөлгө менен 18 жашка толо электерге нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

https://www.azattyk.org/a/31523892.html

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс