Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / ОшМУ Түркиянын Сивас Жумхуриет университети менен кызматташат

ОшМУ Түркиянын Сивас Жумхуриет университети менен кызматташат

ОШ. Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Түркиянын Сивас Жумхуриет университети менен өз ара кызматташуу келишимине кол койду. Иш-чарага Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз, аталган окуу жайдын проректорлору, профессор Үнал Кылыч, профессор Хакан Йекбаш, эл аралык байланыштар департаментинин башчысы, профессор Али Аксу, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.

Салтанаттуу жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 2020-жылы Түркиянын окуу жайларына болгон иш сапарында Жумхуриет университетине баш багып, ректор Алим Йылдыз менен жолугушуп, ОшМУнун түрдүү адистигинде билим алып жатышкан 100 студентти ар жылы аталган университетке академиялык мобилдүүлүккө жөнөтүү чечимине келишкендигин, ушул тапта ОшМУнун 24 студенти Жумхуриет университетинде билим алып жатышкандыгын баса белгиледи.

Ал эми Түркиянын Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу аземи эки университеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташууга жол ача тургандыгын айтып, бакалавр багытында гана кызматташуу жүрбөстөн келечекте магистратура, докторантура, кош дипломдуу билим берүү багыттаранда да кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жана Сивас Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз эки тараптуу кызматташуу келишимине коюшту. Сивас Жумхуриет университети 1974-жылы ачылган Түркиядагы 13-университет болуп саналат. Окуу жайда 47 000 жергиликтүүү жана 2500 чет элдик студенттер билим алышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Фотолор автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс