Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Кыргызстандан Тажикстанга ташылып бараткан аткезчилик көмүр менен лимон кармалды

Кыргызстандан Тажикстанга ташылып бараткан аткезчилик көмүр менен лимон кармалды

Өз кабарчы маалымдайт

КЫРГЫЗ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ БАТКЕНДЕ АТКЕЗЧИЛИК ЖОЛ МЕНЕН ТАШЫЛЫП БАРАТКАН ЖҮКТӨРДҮ КАРМАШТЫ

БАТКЕН. Акыркы күндөрдө Кыргызстандын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын жоокерлери Кыргыз-Тажик чекарасы аркылуу аткезчилик жүктөрүн ташып баратышкан бир катар автоунааларды кармашты.

Маалыматка караганда, Лейлек Чек ара отрядынын өкүлдөрү төрт Кыргыз жараны — 2002-жылы туулган К.Б., 1996-жылы туулган А.Б., 199- жылы туулган Б.Т.у., 2004- жылы туулган Т.А. олтурушкан шектүү Hyundai-Porter автоунаасын дыкат тинтишкенде, анын ичинен Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз түрдө ташылып бараткан үч тонна көмүр табылды.

Мындан мурдараак Баткен районуна караштуу Дөбө тилкесинде Баткен облустук Чекара отрядынын өкүлдөрү кыргыз жараны А.С. башкарган Volkswagen LT 46 автоунаасын дагы токтотушкан. Аны дароо тинтишкенде, мунун ичинен дагы Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз түрдө ташылып бараткан үч тонна лимон кармалды.

Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн атайын чечимине ылайык кармалган аткезчилик жүктөрүнүн баары тең айдоочулар тарабынан жерге түшүрүлүп, андан соң гана бүтүндөй жок кылынды.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс