Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАМАЛЫШТЫ

ЧЕК АРА КЫЗМАТЫНЫН БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАМАЛЫШТЫ

ОШ. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМКнын) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери жемкорлукка шектелип камалышты. Анткени, алар чек арадан өтүп жатышкан кишилерди, негизинен Өзбекстан жарандарын опузалап такай акча алып турушкандыгы акыры ашкереленди.

Тактап айтканда, колго түшкөндөр — Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Чынарбек Насиев жана Ош шаарындагы “Достук-унаажолу” өткөрмө бекетинин башчысы Аскарбек Эрмекбаев. Булардын үстүнөн Кылмыш-Жаза Кодексинин 325-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, “Адамдардын тобу тарабынан пара алуу” деген беренеси боюнча иликтөө жүрүп жаткан чагы. Ошондуктан, кылмышка шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Баса, быйыл июлда Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтышып, а түгүл президент Садыр Жапаровго дагы түз кайрылышкан. Ошентсе дагы, буга дейре Чек ара кызматы муну курулай доомат деп, жүйөөлүү сын-пикирлерди четке кагып келген эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс