• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

ЖАЛАЛ-АБАДДА БЕЙТАПТАРГА АКЫСЫЗ БЕРИЛГЕН ДАРЫЛАР КАДИМКИДЕЙ ЭЛЕ САТЫЛЫП ЖАТАТ

Автор:ruh_admin

Окт 20, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы ооруканада мамлекет бейтаптарга акысыз берилген дары-дармектер кадимкидей сатылып жатат. Бул жөнүндө Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков “Укук кербени” долбоорунун алкагында ооруканага мониторинг жүргүзгөн учурда аныкталгандыгын ачыктады.

Аскат Азарбековдун айтымында, сатылган дары-дармектерден сырткары калкты дарылоодо мөөнөтү өтүп кеткен дарылар дашы колдонулган: — “Гексикон” дарысынын жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын январь айына чейин, “Цефтриаксон” дарысы ушул жылдын июль айына

чейин, “Сальбутамол” дарысы 2021-жылдын октябрь айына чейин, “Зонд” дарысынын жарамдуу мөөнөтү ушул жылдын август айына чейин деп көрсөтүлгөн. “Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында дары-дармектердин жана керектелүүчү материалдардын тизмесин текшергенде, так ушул мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер бейтаптарды дарылоодо колдонулганы аныкталган. Бул боюнча актылар түзүлүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөттүк.

Буга дейре Акыйкатчы институтунун аппараты Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук ооруканасына дагы мониторинг жүргүзгөн. Анда бейтапканада төрт кишилик палаталарда алты адам жатканын бейтаптар үчүн шарт түзүлбөгөнүн айткан эле.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Сүрөттөр автордуку.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс