• Пн. Авг 8th, 2022

Популярные метки

Партиялар суз.Үмүт бир гана шайлоочуда…

Автор:ruh_admin

Окт 20, 2021

Быйылкы парламенттик шайлоо негедир суз башталды, балким борбордо кыйла кызуудур, бирок аймактарда, айыл-апада суз.

Партиялар демейде эл кыдырып, жойлоп, жылжып өз тарапкерлерин активдүү издешчү эле. Эл ичиндеги жергиликтүү саясий менеджерлер менен соодалашып, добуштун дүң жана чекене баасын чечишчү эле. Шайлоо башталбай жатып эле баланча айыл түкүнчө жакка ооптур дешип, жең ичинен сүйлөшүүлөр кызүү жүрчү. Быйыл андай эмес…

Шайлоо таризи өзгөргөнү дароо  билинди. Эми партлидерлер мурдагыдай ыйгарым-укуктарга ээ болбой калды. Алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоого, шайланып келген соң деле орундарды каалагандай жылыштырганга чек коюлду. Эми партиялык тизмедеги орундарды шайлоочу өз добушу менен чече турган болду, бул шайлоочулардын көктөн издегени жерден табылгандай эле нерсе. Себеби шайлоочунун добушу маселе чечкенге жарап калды, мурда жөн гана курулай добуш эле, эми чечим да болду. Эми кайсы партияда кайсы талапкер мандат алышын шайлоочу билет, шайлоочу тандайт. Тандоо деген ошо да. Мурда тандоо укугу патиялык лидерде болчу, эми шайлоочуга өттү. Партиялар быйыл суз…

Бизди, тактап айтканда, мамлекетти алты жыл “башкарган” парламент, атамбаевдин заманында тандалып келинген парламент эми кеткени турат. Убагында Атамбаев саясий элитаны өзгөртөбүз, жаңылайбыз деген эле, ошол жаңыланган “элита” эми кеткени турат. Чынын айтыш керек, Кыргызстандын эгемен тарыхында мындай шерменде, мындай шуркуя парламент болгон эмес, эми болбойт да окшойт. “Маянелер”, “сексалюлар”, “чакуруктар”, бусикке чыккандарды көрүп, уялганынан шапкесин баса кийгендер, кызматтык машинасында кызматтык номерлери болбогон себептүү эл тааныбай, далдырап калгандар, бир ооз сөзүн да эптеп сүйлөй албай, кагаздагыны окуй албай, алты жыл балык болгондор, деңгээлинин пастыгы, билимсиздиги менен элдин эсин оодаргандар, акыр аягында бүт дүйнөгө белгилүү болгон ууруну коргоп чыккандар, элдин кызыкчылыктарын эмес, өздөрүнүн жон терисин коргогондор акыры кетмек болушту. Заман өзгөрөт экен да…

Бирок, чындап эле кетишер бекен, же дагы эле кайра келип алышабы? Деген менен, кечээ эле мага ошол “чимкирик” парламенттин негизги “каармандарынын” биринин ишенимдүү өкүлдөрү келишип, “биздин баланы” колдоп-буттап, кайра парламентке алып баруу ишине көмөктөшүүмдү суранышты. Мен аларга “биздин баланын” өз аймагын гана эмес, бүткүл Кыргызстанды уят кылган жоруктарын, билимсиздигин, сабатсыздыгын, мурдагы кылмыштуу чөйрөгө тиешелүү терс таржымалын, өзүнүн кемчиликтеринен өзү уялып да койбогон нахалдыгын айтып, аны колдоонун дегеле кереги жоктугун айтсам, тигилер “азыр элдин баары ошондой” деп, дегеле камаарашпайт. “Биз деле тууганыбызды түртүп жатабыз” принциби менен ишенимдүү аракет баштагандарын айтышат. “Айрым бир кемчиликтери эле болбосо, чакырылышта жакшы эле депутат” болду дешкени ашыкча болду.

Мен өмүрүмдө көп эле акмакчылыкты, көп эле нахалдарды, көп эле кызылдай жиндилерди жана көк мээлерди көрдүм, бирок мындай социалдык, адеп-ахлактык, моралдык патологияны учуратуу чынында кыйын эле иш. Алты жыл Кыргыз Республикасынын жогорку бийлик бутагынын бирин девальвациялап, парламентаризм идеясын деградациялап, бийликтин, элдин, өзүнүн намысына, аброюна чак түштө заара ушатып, элге күлкү болуп, анан ушунча нерседен кийин дагы өзүн кадыресе киши, саясатчы сезип, кайрадан жанталаша парламентке умтулган мындай уятсызды мен кантип колдомок элем?! Мен кантип бирөөлөрдөн ушундай немеге добуш бергиле деп айтмак элем?!

Бирок, аны колдой тургандар бар экени күйдүрөт, андан үмүт кылгандар бар экени таң калтырат. Кечээ эле бийликти ашатып, Кыргызстандагы акыбалга жаны ачып сөгүнгөн бирөө эми ушул кейбирди парламентке алып барсак, Кудайга жаккан иш болорун айтып күйдүрүп жатпайбы. Тилекке каршы, мындай балакеттер бирөө же экөө эле эмес экен. Бул анык патология! Нравалык патология!

Ырас, өткөн парламенттин бардык депутаттарын бир сызыкка койгон туура эмес, арасында акылы, билими, тажрыйбасы, аракети, умтулушу, багыты, ниети жакшы депутаттар болбой койгон жок. Алар бардык эле фракцияларда болушту, бирок ыпластыктын, билимсиздиктин, пастыктын жана тайыздыктын жалпы хорунда, какафониясында алардын үнү угулган деле жок, алардын көз жашы көрүнгөн деле жок. Бир чака ылай сууга бир стакан таза сууну кошкондой эле жок болуп, аралашып кетишти. Караламан базарда академикти бирөө айырмалап таанымак беле, ал кор болот…

Эми болору болду, алтынчы чакырылыштын депутаттары акыры кете турган болушту, кеп алардын ордуна ким келеринде, алардын ордун кайсы ананайын кетейиндер басып отуруп каларында. Биздин шор бешенебизге дагы кандай депутаттарды жазарында. Насип кайып бизге кимдерди салып берер экен, кеп ошондо.

Деген менен, тандоо деген бар эмеспи, тандоо укугу деген бар эмеспи, ал – шайлоочуда. Эми бардык үмүт, бардык чечим шайлоочунун тандоосунда, анын чечиминде. Партиясы болсо да, тизменин ичиндеги “нормалдуу” менен “нормалдуу эмести” талдап, тандап алат. Бир мандаттуу округдан келгендерди да “кармап көрүп”, чечимин чыгарат. Кеп шайлоочунун тандоосунда калды. Ал кимди тандайт? Кимге мүмкүндүк берет? Кимди четке кагат?

Округдардан чыккан талапкерлерди, партияларда кире качкан талапкерлерди да көрүп жатабыз. Таанымалдары бар, тааныла электери арбын. Алар тууралуу шайлоочу калкында маалыматтар аз. Баарынан мурун шайлоо алдындагы программалары, шайлоочуга бериле турган убадалары белгисиз. Кечээ оң жээкте жүргөндөр, быйыл сол жээкте жүрүшөт, элдин башы айланды. Балким, алардын өздөрүнүн деле башы айлангандыр, ким билет. Башы айланганды карап отуруп, башкалардын да башы айланат да…

Ушундай белгисиздик, ушундай суз башталыш, суз дебют болуп жатат. А балким эми кызып кетер, саясий базар эми башталаттыр, балким… Бирок, кандай болгон чакта да шайлоочу деген чечим чыгарар адам бир нерсени эске алсак экен деген тилек. Алтынчы чакырылыштын клоундарын, маскарапоздорун, кечмонтойлорун, сабатсыз көк мээлерин, “маяне”, “сексалю” сыяктууларды четке какса экен, азыраак болсо да сабаты бар, билими бар, кругозору бар, тигил же бул маселеде кеп айта ала турган, элдин, мамлекеттин маселелерин чага ала турган, акыл жорута алар адистерди, таржыйбасы бар ынтызарларды, идеясы бар шумкарларды шайлап берсе экен. Алар балким ошол баарына белгисиз, аты жаңы аталып жаткан талапкерлер арасынан чыгар, балким такшалып, тажрыйба алып калгандар арасынандыр. Эзели алтынчы чакырылыштын тиги “ананайын кетейиндерин” шайлабаса экен…

Сапаров.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс