• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИ МАШИНАНЫН ЧИРКЕГИЧИНЕ ОЛТУРУП КАЛААНЫ КЫДЫРДЫ

Автор:ruh_admin

Окт 20, 2021

 

ОШ. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов орун басарлары менен кошо жүк ташыган автоунаанын — «КАМАЗдын» чиркегичине олтуруп, калаанын көчөлөрүнүн бүгүнкү ал-акыбалын кыдырата текшерди.

Жол коопсуздугу кыймылынын Ош шаардык башкармалыгы мындай жүрүш жол кыймылынын эрежесине таптакыр каршы эместигин моюндады. Аталган уюм ырасташынча, Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын жетекчиси түшкөн «КАМАЗ» аскерде кеңири колдонулат. А түгүл анын чиркегичине адам олтургузуп, ташууга дагы уруксат берилет. Ал эми мэрди олтургузган машина, же Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу, же аскердик бөлүккө таандык. Анда абдан бекителген ыңгайлуу заманбап олтургучтар орнотулган. Анын алдында жана артында «Адамдар» деген жазуусу дагы бар. Демек, бул сапар жол эрежеси бузулган жери жок!

Баса, социалдык түйүндөрдө буга дейре Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов орун басарлары менен кошо жүк ташыган автоунаанын чиркегичине олтуруп, калаанын көчөлөрүнүн кыдырганы кеңири тараган эле. Муну социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары жол эрежесин сактабагандык катары сыпатташып,  а түгүл жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч катары дагы күнөөлөшкөн.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс