• Ср. Ноя 30th, 2022

Популярные метки

Facebook аталышын өзгөртүүнү пландоодо

Автор:ruh_admin

Окт 20, 2021

Facebook компаниясы кийинки жумада аталышын өзгөртүүнү пландап жатат.

Бул тууралуу “Verge” порталы маалымдаганын чет элдик ММКлар жазышты.

Маалыматка караганда, социалдык тармактын башчысы Марк Цукерберг компаниянын атын өзгөртүү тууралуу 28-октябрда боло турган Facebook Connect жылдык конференциясында талкуулоону пландап жатат. Бирок өзгөртүүлөр мурда жарыялануусу мүмкүн.

“Facebook компаниясы «Мета ааламды» (Metaverse) түзүү максатында келерки аптада  аталышын өзгөртүүнү пландоодо”, — дейт айтылат порталдын сайтындагы билдирүүдө.

Порталдын маалыматына ылайык, жаңы аталыш жашыруун сакталат, аны компаниянын жетекчилигинин бардык мүчөлөрү билишпейт. Бул Facebook тарабынан берилген виртуалдык офистин аталышы Horizon менен байланышы бар болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

«Metaverse», Facebookтун башкы директору Марк Цукерберг буга чейин айткандай, шаардын борборунан алыс жашоону жана иштөөнү каалаган чыгармачыл кесип ээлерине, ошондой эле билим алууга же эс алууга мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарда жашагандарга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Белгилей кетсек, «Мета аалам» — бул виртуалдык чөйрөдө ойноп, иштеп жана баарлаша ала турган онлайн байланышта болгон дүйнө.

Белгилей кетек, Facebook компаниясынын штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан. Компания Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.
Аталган социалдык тармакты 2004-жылы 19 жаштагы америкалык студент Марк Цукерберг негиздеген. Ал Америкадагы бай адамдардын катарында үчүнчү сапта турат.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс