• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

Бишкектин чечими, Бээжиндин таарынычы

Автор:ruh_admin

Окт 20, 2021

Торугарт бекети. Архив.
Торугарт бекети. Архив.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда чек арасын толук жапкан Кыргызстан бир жарым жылдан бери соода алаканы жанданта албай келет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-октябрда кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекетинде болду. Жапаров «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлөрүн айтты.

Ал 13-октябрда парламентте сүйлөп жатып Кытайдан кирген жүк ташуучу унаалардын саны эки эсе көбөйө турганын билдирген.

“Буюрса эки күндөн кийин Торугарттан 32 эмес 64 машина, Эркечтамдан 22 эмес 44 машина кире баштайт. Кытай тараптын талаптарын толугу менен аткарып бүттүк. Кытайдын экономикасы катуу өсүп жатат, 8% ашып кетти. АКШ менен соода карама-каршылык көп болгондуктан, океан менен барган товарларга бөгөт коюлуп, Европага биз аркылуу ташыйбыз деп жатат. Биз алган милдеттенмелерибизди так аткара албай, өзүбүздөн кетип жатат”.

Кытайдан товар оор жүк ташуучу машиналар менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров «Торугарттан» өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирди

Чыгыш — бул назик маселе

Анткен менен Жибек жолунун боюнда жайгашкан кыргыз-кытай чек арасы дээрлик бир жарым жылдан бери 10% жетпеген көрсөткүчтө иштеп келет.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турчу. 2020-жылы 24-январда “Жаз майрамына” байланыштуу Кытай тараптын өтүнүчү менен чек ара бир жумага жабылган.

Бирок кыргыз бийлиги коронавирустун алдын алуу максатында 1-февралда чек араны толугу менен жаап, аба каттамдарын токтотуп койгон. Чек ара жабылгандан кийин бир ай өтпөй Кытайдан ташылып келинген товарлардын тартыштыгы сезиле баштаган.

Кыргыз өкмөтү март айынын аягында жүк ташууну жандандыруу маселесин кароо боюнча Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөтүүгө аргасыз болгон.

«Торугарт» чек ара бекети.

Дагы караңыз

Өкмөт кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярданууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын «кыргыз-кытай чек арасы эмнеге мурдагы тартипте иштебей жатат» деген суроосуна жооп берип жатып, мурдагы бийлик туура эмес саясат жүргүзгөнүн белгиледи.

“Туура эмес саясат жүргөн. Дүйнөдө бир дагы өлкө карым-катнашты токтотпоптур. Биз чек араны жааптырбыз. Экинчиси, биздин мурдагы бажы кызматынын жетекчиси, саламаттык сактоо министри, айыл чарба министри «чек арадан өткөн унаа Кытай тараптан дагы, биз тараптан дагы дезинфекциялансын» дептир. Кытай тарап «бир күндө мынча унаа дезинфекциялана алат» деп бекитип коюптур».

Улуу жибек жолундагы 10 унаа

Жабылган кыргыз-кытай чек арасы Кыргызстандын суранычы менен 2020-жылы 15-апрелден баштап ачылып, “Эркечтам” бекетинен чектелүү санда жүк ташуучу автоунаалар өтө баштаган. Бирок иш мурункудай жүрүп кеткен эмес.

Ал эми “Торугарт” бекети расмий маалымат боюнча 2020-жылы сентябрдан тарта чектөө менен иштей баштаган.

Кыргызстандагы “Жүк ташуучулар ассоциациясынын” жетекчиси Темирбек Шабданалиевдин айтуусунда чек аранын толук иштебей жатканы жүк ташыган айдоочуларды оор абалга кептеди.

“Пандемияга чейин “Торугарттан” 150, “Эркечтамдан” 150 унаа өтүп турчу. Азыр ондон эле автоунаа өтүп жатат. Айдоочулардын баары жумушсуз калды. Жалгыз эле алар эмес да. Жардамчысы, жүк түшүргүчү, жүктөгүчү бар, кафеден тамак иччү, мейманканага жатчу, май куйчу. Ушунун баары Кыргызстанга киреше эле. Биздин шоопурлар эмне кылабыз, митингге чыгабызбы, ачка калдык деп чалып атышат. Буга себеп кыргыз бийлигинин туура эмес кадамдары болду. Эчтеке боло электе чек араны жаап, буга Кытай тарап катуу таарынып калган».

Темирбек Шабданалиевдин айтуусунда, Кытайдын товары үчүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр ортосунда соода согушу жүрүүдө. Ал кыргыз-кытай чек арасы солгун иштеп калган бир жарым жылдан бери көпчүлүк кытай ишкерлери Казакстандын «Хоргос» бекетине ооп кеткенин айтты.

Кыргызстанда дагы Кытай менен чек арага жакын аймакка логистикалык борбор куруу планы айтылып келет. 2019-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна логистикалык борбор салуу иши башталып, жергиликтүү элдин каршылыгынан улам токтоп калган.

2021-жылы июнь айында президент Садыр Жапаров Ат-Башыга барган учурда чет элдик инвесторлор индустриалдык соода-логистикалык борбор салууга даяр экенин билдирген. Бирок ошол бойдон кандай иш жүрүп жатканы тууралуу маалымат жок.

Торугарттагы өткөрмө бекет. Нарын, Ат-Башы району. 2021-жыл.

Дагы караңыз

Ат-Башы: бийликтин эки анжы кылган сунушу

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кытайдан Кыргызстанга кирген импорт 57,5% кыскарды. Жүк ташыган унаалардын саны 10 эсе азайган.

Кыргызстан Кытайдан негизинен текстил товарларын, электроникалык техниканы, курулуш материалдарын алып келет. Кыргызстандагы базарларда Кытайдан келген товардын үлүшү чоң.

Кытайдан товар алып келүү солгундагандан бери «Дордой» базарынын соодагерлери бир канча жолу митингге чыгып, маселени чечүүнү талап кылган.

Кыргызстандагы ишкерлер бирлигинин төрагасы Аскар Сыдыков Кытайдан жүк ташуу маселесин чечмейинче, кыргыз экономикасын көтөрүү тууралуу сөз козгоого болбой турганын айтты.

“Бизге өтө көп кайрылуу түшкөн. Бишкек ЭЭКте иштеген ишкерлер, андан башка ишкерлер «товарыбызды алып келе албай жатабыз» деп арызданышкан. Бизде импортубуз экспортко караганда 2,5 эсе көп. Импорттун көпчүлүгү Кытай мамлекетинен келет. Кыргыз-кытай чек арасынын кынтыксыз иштөөсү кыргыз экономикасы үчүн эң маанилүү. Башкасын айтпаганда дагы жеңил өнөр-жайга керектүү чийки продукция Кытайдан келет”.

Иллюстрациялык сүрөт.

Дагы караңыз

Кыргыз экономикасын кыйнаган жыл

Кыргызстан аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө дагы Кытайдын транзиттик жүктөрү ташылат. Өзбекстандын Кытай менен чек арасы жок болсо, Тажикстанга эң кыска жана ыңгайлуу жол Кыргызстандын “Эркечтам” ашуусу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-октябрдагы парламент отурумунда Өзбекстан кыргыз-кытай чек арасы аркылуу транзиттик жүк ташууну жандантууга кызыкдар экенин билдирип, жылына 6 миң унаага жеткирүүнү пландап жатканын айтты.

Кыргызстандын Кытай менен темир жол байланышы жок. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан ашуун убакыттан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келе жатат.

Кумтөр кени

Дагы караңыз

Кумтөр жана темир жолдун келечеги

Статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын расмий соода жүгүртүүсү 1 миллиард долларга жакын.

Мындан тышкары Кыргызстандын 5 миллиард долларга жакын тышкы карызынын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Бул каражаттардын көпчүлүгү Бишкек ЖЭБи, «Датка Кемин» көмөк чордону, «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолу сыяктуу ири долбоорлорго алынган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс