• Пн. Сен 26th, 2022

Популярные метки

ӨЗГӨН МИЛИЦИОНЕРЛЕРИ ООГАНЧЫНЫ КААЛАШЫНЧА КОРДОШТУ

Автор:ruh_admin

Окт 20, 2021

Садыр Нургожоевич, сактап калыңызчы?

Өзгөн районуна караштуу Шералы кыштагынын Асранов атындагы көчөсүнүн 6-үйүнүн тургуну, Ооган согушунун ардагери, экинчи топтогу майып Эргешбай Жакыпов таптакыр айласы куруганда Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы Улуттук Борборунун (мындан ары ККУБнын) Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнө атайылап кайрылды. Анткени, пайгамбар жашындагы жаранды Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн (мындан ары Өзгөн РИИБсынын) кызматкерлери кааалашынча кордошуп-мазакташкан.

  • 60 жаштагы ооганчы  Эргешбай Жакыповдун айтымында,

үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында таңга маал ал сааркы намазды кыштактагы мечитте окуп, анан үйүнө жаңы кайткан экен. Дал ошол кезде аны Акыл аттуу участкалык милиционер коңшусунун үйүнө чакырып, ашынасын бирөөлөр уруп-токмоктоп, дал ошонунун кесепетинен ал акыры өлгөндүгүн дагы айтыптыр, — деди ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазимов. – Анан үйүнө кайтып, бул туурасында аялына айтып, экөө тең абдан катуу кайгырышыптыр. Анткени, 85 жаштагы маркум коңшу-колоңдору менен ынтымакчылыкта  гана жашаптыр. Дал ошол күнү саат 10.00 чамасында участкалык милиционер Акыл деген Эргешбай Жакыповго өзү телефон чалып, аны Өзгөн РИИБсине келип-кетүүнү суранат. Ошондуктан, жубайы экөө дароо милицияга жетип барышат. Ал жерде буларды бир нече оперативник жана  участкалык милиционер Акыл күтүп олтурушуптур. Анан булардын баары тең кайрадан Эргешбай Жакыповдун үйүнө барышып, анын турак жайын соттун санкциясыз эле бүтүндөй тинтишет. Бактыга жараша аталган үйдөн шектүү эч нерсе табышпайт. Ошентсе дагы, Эргешбай Жакыповду 16.00 чамасында кайрадан Өзгөн РИИБсына алып келишет.

ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазимовдун айтымында, Эргешбай Жакыповду Өзгөн РИИБсинин имаратындагы биринчи  кабаттагы каанага алып киришет. Шергазы дегени жана дагы бир жигит кармалган жаранга түшүнүк кат жаздырышат. Бир жолу жазгандан кийин жагы чиймелөөнү талап кылышат. Эргешбай Жакыпов моюн толгогондо, катарынан сөгүнүшүп, а түгүл кадимкидей эле ургулашат. Ошентип, кармалган адамга дагы он беш жолу түшүнүк кат жаздыртышат. Жаны кашайганда Эргешбай Жакыпов “Мени эмне үчүн токмоктоп жатасыңар? 60 жаштамын! Деги уялбайсыңарбы? Мунуңарды токтоткула?!?” деп жалынып-жалбарат. Ошого карабастан, тигилер буттары менен анын бооруна, кабыргасына жана башына дагы тепкилешет. Анан Шергазы айтканынан, шериги желим таяк жана презерватив апкелет. “Эгерде бул зордуктоону сен өз мойнуңа албасаң,бул дубинканы  (желим таякты — автор) көчүгүңө тыгабыз!” деп кадимикидей коркутушат. Айласы таптакыр түгөнгөн  Эргешбай Жакыпов полго олтуруп ыйлап, тигилерге дагы кадимкидей жалынып-жалбарат. Ошондо Шергазы “Мейли. Анда үйүңдөгү жеңил автоунааңды менин наамыма өткөрөсүң! Ошондо гана токтотобуз жана бул кылмыш ишиңди биротоло жабабыз!” – дейт уялбай-этпей. “Автоунаа уулумдуку. Мен кылмыш жасабасам деле, эмне үчүн сага беремин!” деп чал дагы көгөрөт. Дал ушул маалда ичкериге дагы бир мас милиционер кирип, титиреген  Эргешбай Жакыповдун оозуна зордоп арак куят. Мындай зомбулук 6-октябрдын таңына дейре улантылат. Ошол күнү түнкү саат 21.00дө гана Эргешбай Жакыповду үйүнө араң жиберишет.

Ошентип, жаны абдан кашайган Эргешбай Жакыпов чындык издеп акыры ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнө аргасыздан кайрылат. Бул Өкүлчүлүктүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазизов Ош облустук прокуратурасына дароо даттанды. Буга улай пайгамбар жашындагы ооганчы Эргешбай Жакыповду “Бир дүйнө — Кыргызстан” коомдук бирикмесине багытташып, акысыз юридикалык жардам көрсөтүп, бекер адвокат дагы жалдап беришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

СҮРӨТТӨРДӨ: 1), 2) ККУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улугбек Абдулазимов. 3), 4), 5) Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс