• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

Жалал-Абадда мектептердеги шашке чайынын берилиши капысынан текшерилди

Автор:ruh_admin

Окт 19, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаттары калаанын мектептериндеги ысык тамак жана шашке чайдын кенже класстардын окуучуларына берилүүсүн капысынан жана абдан тыкыр текшеришти.

Бул рейдге Жалал-Абад шаарынын вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаттары, санэпидкөзөмөл жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышып, калаадагы мектептерди дыкаат кароодон өткөрүштү. Анда тамактарда канча грамм белок, витаминдер болушу керектиги, мектептеги ашпозчулардын сертификаттары, колдонулуучу буюмдар жана азыктар дагы текшерилди. Мунун менен катар эл өкүлдөрү шаардагы бир катар мектептердин көйгөйлөрүнө дагы күбө болушту.

Маселен, калаадагы №11-мектептин чатыры эскиргендигин, жылытуу системасынын жоктугун, ашкананын абдан тардыгын, курорт аймагында жайгашкан №22-мектепте ашкана жоктугунан окуучулар шашке чайды класстык бөлмөдө орундарында эле ичип жатышкандыгын көрүштү. Жалал-Абад шаарындагы 20 мектептин 5 билим уясында бир маал ысык тамак берилет, а калган мектептерде 1-4- класска чейин шашке чай берилет.

Баса, эл өкүлдөрү рейд учурундагы көйгөйлөрдү Жалал-Абад шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына алып чыгышаарын дагы убадалашты. Алдыда мындай күтүлбөгөн текшерүүлөр дагы улантылат.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс