• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИН ТАРАТТЫ

Автор:ruh_admin

Окт 19, 2021

ЖАЛАЛ-АБАД. Президент Садыр Жапаров мындай чечимди Кербен шаардык Кеңешинин депутаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына башчы – мэр тандай албагандан улам кабыл алды.

Ошентип, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. Ушул эле күнү өлкө Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы шайламакчы.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров БШКга шайлоону уюштурууну, ал эми Министрлер кабинетине каражат бөлүп, коопсуздугун камсыздап, БШКга жардам берүүнү тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс