• Пт. Июл 1st, 2022

Популярные метки

ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ НООКАТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРДЫ

Автор:ruh_admin

Окт 19, 2021

ОШ. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Зиядин Жамалдинов Ноокат районундагы агартуу мекемелерине күүтүүсүздөн баш бакты.

Ош облусунун жетекчиси бул иш сапарынын алкагында аймактагы билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы менен жеринде таанышып, мектеп жана бала бакчалар сапаттуу көмүр менен камсыз болушу керектигин убадалады.

  • Билим берүү мекемелеринин баары көмүр менен камсыз этилишти.

болушту. Аларга жеткирилген көмүрдүн сапатын дагы жеке өзүм көзөмөлгө алдым. Сапатсыз көмүр, же белгиленген көлөмдөн аз “кара алтын” болбошу кажет. Биз балдарыбыздын кышында билим алуусу үчүн бардык шарт таржы жаратууга милдеткербиз! — деди Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов.

Зиядин Жамалдинов ошондой эле Ноокаттагы курулушу жүрүп жаткан жана токтоп турган билим берүү мекемелери менен дагы таанышып, алардын курулушун улантууга каражат маселесинде аракеттер жүрүп жаткандыгын кыйытты. Мындан стышкары ушул иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары менен дагы жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин жероинде тыңдап, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс