• Чт. Сен 29th, 2022

Популярные метки

«БАТКЕНДИ ӨНҮКТҮРҮҮ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ» ФОРУМУНДА БИР КАТАР МААНИЛҮҮ ДОКУМЕНТТЕРГЕ КОЛ КОЮЛДУ

Автор:ruh_admin

Окт 19, 2021

БАТКЕН. Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму ийгиликтүү аяктады.  Маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин жана бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетчү жагдай: аталган форум – Баткен облусунда жогорку деңгээлде өткөрүлгөн алгачкы иш-чара. Мунун негизги  максаты — облустун ишкерлик дараметин ачыктоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү аркылуу амакка байма-бай инвестиция тартуу. А өз кезегинде бул жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга дагы өбөлгө жаратмакчы.

«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү»  форуму Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана кызмат кылбастан, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүп олтурат.

Ошентип, форумдун соңундагы кол коюлган документтерге ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү менен «Ихсан Азия Глобал Строй Ипотекалык Компаниясы» ачык акционердик коомунун ортосундагы, «МЕГА ДЖЕК» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы 4 багыт боюнча, «Ак-Буура Групп» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы, «Шампанвинкомбинат» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу мындан ары күчөтүлөт. Буга улай Лейлек районунун Арка айылында сейил бак, ал эми Арка айылында логистикалык борбор, Баткен шаарында мейманкана курулат. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы сейил бак аймагы реконструкцияланат.

Ошондой эле Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунда коноктор үчүн айыл чарба көргөзмөсү уюштурулуп, анда Баткен облусунда өндүрүлгөн продукциянын бардык түрү сунуш этилди.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс