• Вс. Ноя 27th, 2022

Популярные метки

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «БАТКЕНДИН ТРАНСПОРТТУК КОРИДОРЛОРУ ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ ЖАРАТАТ»

Автор:ruh_admin

Окт 19, 2021

БАТКЕН. Баткен облусунун транспорттук коридорлору – Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн коридорлору. Бул жөнүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда өткөрүлгөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форумунда билдирди.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров өз сөзүндө аталган аймактын артыкчылыктарын жана инвестициялык потенциалга ээ багыттарын санактады. Ал баса белгиленгендей, облустун негизги артыкчылыгы анын транзиттик дарамети болуп саналат.

  • Баткен облусунун транспорттук коридорлору – бул

Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн коридорлору. Республика аркылуу көптөгөн миллиард рыногу бар Кытайга жетүүгө болот. Атап айтканда, Кызыл-Кыя ири чектеш логистикалык борбор боло алат. «Лейлек» Эрикн Экономикалык Ааймагы концепциясы каралууда. Мында көп жеңилдиктер көбөйтүлүп, инфратүзүмгө мамлекеттик туруктуу колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары өнөктөштөрдүн колдоосу аркасында заманбап фитосанитардык көзөмөл лабораториясын курууга дагы мүмкүнчүлүк жаралат. Жалпысынан алганда, транзиттик-логистикалык дарамет аймакка гана эмес, өлкөгө дагы абдан чоң пайда алып келет. Ири инвесторлорду бул жаатта кызматташууга чакырам! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров.

Ушуга улай Министрлер кабинетинин төрагасы аталган аймактагы негизги инвестициялык багыттарды дагы санактады.

  •  Баткен облусундагы инвестициялоо багыттарынын бири –

энергетика. Маселен, Ак-Суу, Козу-Баглан, Кожешкен, Исфайрамсай, Ак-Сай сыяктуу ири дайраларда чакан ГЭСтердин курулушу күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик чакан гидроэлектростанциялар үчүн жер бөлүүгө максималдуу колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары облус тоо-кен өнөр-жай тармагында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Башка багыт катары айыл-чарба тармагы саналат: аймактын мүмкүнчүлүктөрүн жана кластерин эске алуу менен мында заманбап заводдор жана кургатуучу цехтер ишке киргизилүүсү мүмкүн. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк Банк менен биргеликте болжол менен 50-60 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чагы. Ошондой эле ири инвестицияларды ирригациялык долбоорлорго багыттоо зарыл! – деп агынан жарылды Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары дагы министрлер кабинетинин төрагасы баса белгилегендей, Кызыл-Кыя, Исфана, Кадамжай жана Айдаркен шаарларындагы өнөр жай ишканалары кайра иштеп баштоосу күтүлүүдө. Ошондой эле ал климаттык өзгөрүүлөрдү эске алып, суунун чоң көлөмүн талап кылбаган долбоорлорго инвесторлордун көңүлүн бурууну өтүндү.

Баткен шаарындагы бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын президентинин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун экономикалык дараметин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жаңы сапатка көтөрүү максатында өткөрүлдү. Кыскасы, жогорудагы форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо менген гана чектелбестен, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө дагы зор мүмкүнчүлүкөрдү жаратты.

Алишер Токсонбаев.

(сүрөттөр автордуку)

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс