• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Тараза ташындагы тандоо

Автор:ruh_admin

Окт 18, 2021
(«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн)
Жеймс Клевэллдин чыгармасынын негизинде тартылган «Сёгун» аттуу сериал бар. 12 бөлүктөн турат. Самурайлык Жапониянын салт-санаасы менен коомдук психологиясын ачып бергени жагынан өтө мыкты тартылган. Анын ичинен биздин азыркы турмушка тиешелүү үч эпизод абдан кызыктуу.
Голландиялык суучулдар түшкөн кеме Жапониянын жээгинен кырсыкка учурап, ичиндегилерди жергиликтүү эл куткарып калат. Алардын ичинен штурман (жапондор «Анжин-сан» («Штурман мырза») деп атап алышкан) жапон феодалдык төбөлдөрү менен сүйлөшүп калып, аларга Европанын геосаясий көп сырларын түшүндүрүп берет.
Ага котормочу болуп жүргөн Марико деген жапон келин бар. Ошол кезде Жапонияга христиан миссионерлери келип, айрымдары христиандаша баштаган экен. Алардын бир топторун жергиликтүү саясатка аралашкысы келген христиан дин кызматкерлери пайдаланууга аракет кыла баштаган кез. Котормочу Марико да христиандыкка өткөн аял. Бир күнү каршылаш тарапка барып, өз уруусунун тапшырмасын аткара албай калганда, тагыраагы ага элчиликке барган тарап уруксат бербей койгондо ал жарынып өлмөкчү болот. Намыс үчүн жарынып өлүү – бул өтө маанилүү жөрөлгө. Аялдардын жарынып өлүшүнө коюлган талаптар эркектердикинен айырмаланат, бирок түпкү маңызы ошол эле – уят болсо, тапшырманы аткара албай калса, намысын алдырса самурай катмарындагы адам жарынып өлүшү керек. Күнөөсүн ошентип жууйт.
— Таксыр, мен тапшырмамды аткара албай жатам, ага сиздердин чечимиңер туура келбей жатат. Же жообун бербейсиздер, же чечпейсиздер. Мен жетекчиме уят болуп жатам. Ошондуктан мен самурайдын кызы катары жарынып өлөйүн деп чечтим, мени сыйласаңыздар акыркы жөрөлгөмө күбө болуп бериңиздер, — дейт ал элчиликке барган тарапка.
— Сага болбойт, сен христиандыкка өткөнсүң, сага сенин диниң өзүңдү өлтүрүүгө тыюу салат.
— Ооба, мен христиандыкка өткөм. Бирок мен биринчи иретте жапон кызымын, самурай тукумунанмын. Мен ошондой чечтим, таксыр. Күбө болуңуздар!
Кадимкидей сыңар тизелеп отуруп, бычагын кындан сууруп, бүткүл өмүрү көздөн учуп, акыры өзүн сайганы баратканда жанындагылар аскер башынын буйругу менен токтотуп калышат. Эстен танып кеткен келинди көтөрүп кетип эс алдырышат да, тапшырмасын аткарууга уруксат берилип, ал өз жерине кайтат. Баягыны көрүп турган Анжин-сан таң калып алдасы оозунан түшөт. Көп өтпөй эле өз башына келери ойдо жок…
«Анжин-санга бир айдын ичинде жапон тилин үйрөтөсүңөр. Антпесе баарыңардын жазаңар – өлүм» деп айыл элине буйрук берилет. Бир айда тилди үйрөнүп чыгыш мүмкүн эмес экенин түшүнгөн Анжин-сан айыл элинин убалына калганы жатканына жаны кейийт.
— Таксыр, буйругуңузду өзгөртүңүз, айыл эли канчалык аракет кылса да мен бир ай ичинде тилди толук үйрөнүп чыга албайм. Бул мүмкүн эмес.
— Анда айыл элин кырып салабыз, аны ойлонбой эле кой.
— Анда мен силердин салтыңар менен жарынып өлөм. Күбө болуп отуруп бериңиз.
— Сен христианинсиң, сенин диниңде өзүн өлтүрүүгө уруксат берилбейт да!
— Эч нерсе эмес. Мен жоокермин. Мен ушул жерде турам, силерге аралашып калдым, андыктан ушул жердин салты менен жарынып өлөм. Күбө болуп бериңиз, таксыр!
«Буга эмне жанына күч келди?» деп таң калган феодал төбөлдөрү анын айтканын сынап көрмөккө колуна кылыч беришет. Артка кайтууга жол жок калат. Караса чындап эле кылыч менен өзүн жарганы тап коюп баратат. Жанындагылар ага жеткирбей колунан алып коюшканда эсинен танып жыгылат.
— Сенин эрдигиң бизди таң калтырды. Өз чечимиң үчүн өлүп берүүгө даярдыгыңды биз сыйлайбыз. Тапшырма бир аз жумшартылды – бир ай ичинде айыл эли сага жапон тилин өзүңө жеткиликтүү даражада үйрөтүп чыгышы жетиштүү болот, — дешет жергиликтүү аткаминерлер.
Анжин-сан ошентип отуруп жергиликтүү армиянын жетекчилерине эрдиги, түздүгү, тайманбастыгы менен жагып, кызматы өтүп, акыр аягында самурайлык наам берилет.
Анжин-сан өзү христиан болгондуктан батыраак тил табышсын деп ага ошол христиандыкка өтүп кеткен жоокерлерди өз кошуунуна кабыл алууну сунуш кылышат.
— Самурай үчүн эмне маанилүү? Диниби же командиринин буйругубу? – деп сурайт Анжин-сан армиянын башчыларынан.
— Албетте, командиринин буйругу. Өзүнүн ар-намысы. Милдети!
— Андай болсо жоокерлерди мен өзүм силердин көзүңөрчө тандап алсам болобу?
— Албетте, болот. Каалаганыңдай танда, бизге да кызык болуп атат.
Анжин-сандын алдында христиандыкка өтүп кеткен жапон жоокерлери тизилип турат. Анжин-сан христиандар үчүн ыйык болгон крест тагылган чынжырды өзү баш болуп мойнунан чечип, жерге таштап, буту менен жакшылап тебелеп туруп жоокерлер тарапка бир кадам коюп өтөт.
— Мага кызмат кылгыңар келгениңер так ушундай кылып мойнуңардагы чынжырды чечип, андагы крестти бутуңар менен тебелеп туруп мен тарапка өткүлө! – деп буйрук кылат ал.
20 чакты жоокердин көбү эч ойлонбостон мойнунан чынжырчасын чечип, крестти буту менен тебелеп туруп анын тарабына өтөт. Бирөө гана күймөлүп калып, аягында өзү Анжин-санга кылыч көтөргөндө беркилер туурап салышат.
Өзү христиан дининде болсо да Анжин-сан ошентип дининен милдетин жогору койгон жоокерлерди тандап алат.
Мындай маанидеги тандоо маселеси көчмөн элдерге чоочун эмес. Ырас, ал кезде тандоо да, тандоо жүргүзгөндөр да алда канча ырайымсыз мүнөздө болгон. Тээ байыркы замандагы уламышка караганда гунндардын канзаадасы Модени атасы жактырбай, кошуна өлкөгө ак үйлүүгө берип жиберген экен. Ак үйлүү дегени – барымтанын эле сыйлуу түрү. Атасы ошол тарапка атайын кол салып, ичинде баласын өлтүрүп эле салышса деп тилек кылат. Бирок Моде барган жерин кырып-жоюп кайтып келгенде атасы айла жок бир кошуун берип, аскерге кошот. Моде эс тартып келатканда эле жанына 40 жигит ээрчитип, өзү кайсы тарапка жаа тартса, башкаларын да эч ойлонбой ошол тарапты атып жибергенге үйрөтөт. Бир күнү жакшы көргөн атын атат. Көбү эч ойлонбой кошо ок жаадырат. Колу барбай күймөлүп калгандарынын башын алдырат. Кайра толуктап 40 жигитин машыктырып жүрүп бир күнү жакшы көргөн токолун атат. Көбү эч ойлонбой ок жаадырат, колу барбай калгандарынын башын алдырат. Ошентип 40 жигит Моде кайсы тарапты мээлесе да мээлеп, өзүнө кошо жарышып атып сала турган болуп калат. Аягында ал өзүнүн атасын атып, 41 жебеге тепчилип калган атасынын ордуна өзү Шаңүй деген титул алып тактыга отурат.
Бир күнү отурукташкан кошуна мамлекет тараптан элчи келет да, анын минип жүргөн атын сурайт. Моде кеңешчилерин чакырып акыл сурайт. «Минип жүргөн атыңды эмнеге бересиң? Согушабыз!» дейт кеңешчилери. «Кой, бир байталдын тезеги экен. Эмнесин аяйбыз, бергиле», — дейт Моде. Дагы бир топ жылдан кийин ошол эле мамлекеттен элчи келип: «Падышабыз токолуңду биз жакка келип сейилдеп эс алып кетсин деп чакырып жатат», — дейт. Моде кайра кеңешчилерин чакырат. «Намысың барбы? Койнундагы катыныңды да бересиңби? Согушабыз!» дешет кеңешчилери. Ойлонуп отуруп: «Кой, көп болсо бир чүпүрөк баштын гөзөлү экен. Бир аялдын тагдыры үчүн чоң мамилени бузбайлы. Бергиле!» — деп аттандырып жиберет. Арадан бир топ жыл өтүп, ошол эле мамлекеттен элчи келип: «Бул жакта бош эле жаткан жериңер бар экен, ижарага алып турсак кандай дейсиңер?» деп жыландын башын чыгарат. Моде Шаңүй кеңешчилерин чакырып суроо салса көбү: «Эми, ал жерди биз пайдаланган деле жокпуз ушу тапта. Ижара акысы жакшы болсо берип деле койбойлубу», — деген ой айтат.
— Жер деген мекениң, мамлекетиңдин негизи. Мамлекетиңдин негизин бергенден кийин сен кимсиң? Башын алгыла! – деп баягы кеңешчилердин башын алдырып, кол курап, элчиси жер сурап келген мамлекеттин таш талканын чыгарган экен.
Башкача айтканда Моде Шаңүй утурумдук дипломатия үчүн атын, аялын садага чапса да чечүүчү учурга келгенде мамлекетинин кызыкчылыгын тандаган.
Азыркы мамлекеттердин башчылары да сырткы дүйнө менен өз өлкөсүнүн ортосунда эмнени тандаганы так, даана көрүнүп турат. Жакынкы эле жылдардын биринде Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Орусия жок болгон дүйнөнүн бизге эмне кереги бар?» деди. Бир топтору жаман көрдү. Бирок орус жараны катары туура эле айтып жатат да!
Мисалы биздин позициядан айтсак, Кыргызстан жок болгон дүйнөнүн бизге эмне кереги бар?
Тандоо маселеси айрым Батыш өлкөлөрүндө да коюлган. АКШнын жарандыгына өтүп жаткан адам «Мен Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгын башка бардык мамлекеттердин кызыкчылыгынан жогору коюуга милдеттенем» деп ант берет.
Эми ушунун баарын карап отуруп өзүбүздүн азыркы абалыбызга сереп салып көрөлү. Биринчи эле көзгө урунганы – ушундай маанидеги тандоо маселеси (Мекен жана башка нерселердин ортосунда) бизде гана жеткиликтүү козголбоптур. 30 жылдан бери эгемен мамлекет катары бийлик бул маселени коюп көрбөптүр.
Адам үчүн баалуу нерселер көп эле болушу мүмкүн. Дини, жакындары, бийлиги, байлыгы, башка өлкөгө болгон сый-урматы, боордоштук сезимдери… Санай берсе бүтпөсө керек. Бирок эртедир-кечтир ошонун бирин тараза ташына салып тандай келгенде адам кимди же эмнени тандайт?
Өзү жактырган нерсеси менен мекени экөөнүн кызыкчылыгы тараза ташында турса, бирин тандап экинчисин курмандыкка чалууга туура келсе элибиз эмнени биринчи орунга коет?
Түшүнгөн кишиге ушул күндө баарыбыз ошол кинодогу Анжин-сандын алдында тизилип турабыз. Ар бирибиздин мойнубузда бирден чынжыр бар. Биринде жеке кызыкчылыгы, биринде демократиялык баалуулуктары, биринде башка өлкөгө болгон симпатиясы, биринде дини илинген.
Адам укуктарынын жалпы декларациясын тебелеп туруп эч ойлонбой бери өтчү либералдар барбы?
Орусиянын туусун тебелеп салып бери өтүүгө даяр турган орусчулдар чыгабы?
Куранды тебелеп туруп бери өтүүгө даяр динчилдерчи? Ушундай суроо коюп көрдүңөр беле, өзүңөргө? Ичиңерге үңүлүп көргүлөчү, жакшылап…
Эгерде тебелеп өтүүгө даяр болбосо, анда жарандыгыбыз тууралуу маселе кандай чечилет? Чыныгы жаран деп ошол өзүнө баалуу нерселердин баарын мекени үчүн курмандыкка ойлонбой туруп чалууга даяр турган адамды айтышыбыз керек го, акыры. Болбосо эмнеси жаран?
Башкасын кой, өлкөнүн жүрөгү менен мээси болгон атайын кызматтарыбызда ошентип эч ойлонбой мекенин тандачулар барбы? Болсо көпчүлүкпү? Кадрлары келишимдин негизинде бир нече жыл бою башка өлкөдөн билим алып келип жатса — алар кимге кызмат кылат болду экен деп ойлонуп көргөн киши жок. Макул, мээси менен жүрөгү кыргыз тарап болгондо дагы алар тууралуу маалымат башка өлкөнүн базасында кала бергени – чындап келсе ойлондура турган нерсе. Айрымдары динге терең кирип кетип жатканы андан бетер санаага салат. Дагы бир топтору союздаштык мамиледен шек санабай эле маалымат бөлүшүп кирсе эмне болот деген ой андан бетер тынчтык бербейт. Ырас, КМШ мамлекеттери бири-биринин аймагында чалгын иштерин жүргүзбөйт деген милдеттенме бар. Биздики аткарып аткандыр. Бизге карата аткарылып же аткарылбай атканын кантип текшеребиз? Эмне үчүн башка мамлекеттин кызыкчылыгына ишенишибиз керек?
Элибиздин мойнунда ошол фильмдеги христиан самурайлардыкындай крест сыяктуу чынжыр көп экен. Мындан бир аз жыл илгери бир социологиялык уюмда талдоочу болуп иштеп калдым. Бир жолу социологиялык иликтөө жасаткан бир өлкөнүн сурамжылоо баракчасы 16 бет болуп чыкты. Анын ичинде «Кайсы маркадагы телефонду колдоносуң?», «Кайсы ЖМКларды угасың же көрөсүң?» деген суроолордон тартып «Бир тууганың экстремист же террорчу болуп кетсе эмне кылат элең?» дегендерине чейин бар. Эң кызыгы — «Кыргызстан башка өлкөгө кошулуп кетишин колдойсуңбу?» же «Кайсы өлкөгө кошулушун каалайт элең?» деген суроолор да кошо коюлган. Сурамжылоонун жыйынтыгын да көргөм. Кыскача эле туюк айтайын — көңүл кубандырарлык жыйынтык болгон эмес.
Кыргызстандын чыныгы жараны деп кимдерди айтса болот? Ал — өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн өзүнүн диний, союздаштык, жеке кызыкчылыгынан эч ойлонбой баш тартууга даяр турган адам. Колунан келип турса жана ошондой тандоо зарылчылыгына туш келсе — өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн ошолордун кайсынысын болбосун жер менен жексен кылууга моралдык жактан даяр турган адам. Кайсы жердин жарандыгын алганына карабастан. Кайсы топко киргенине карабастан. Кайсы жерде иштегенине карабастан. Калганы жөн гана паспорт алган жашоочулар.
Биздин чыныгы талуу маселебиз ушул. Кытайдын алдындагы карыз эмес. Армиябыздын алсыздыгы эмес. Экономикабыздын начардыгы да эмес. Анын баарын оңдосо болот. А бирок борпоң тартып кеткен Өзөктү кайра бекемдеш өтө кылдат мамилени, өтө катаал чечимдерди жана кыйла узак убакытты талап кылат.
Мен го мойнумдагы чынжырды чечип, тебелеп туруп бери өткөнүмө көп болгон. Мына, 50гө жакындап калган жашыма жеткичекти андай чынжырдын бир эмес, бир нечесин чечип туруп тебелеп өттүм. Улутум – кыргыз, урааным – Манас. Ушул Жолду тандаган башка да көп боордошторду билем. Алар менен бир болгонума сыймыктанам. Болгону мойнунда чынжырын эч ойлонбой тебелеп туруп бери өткөндөр көбүрөөк болсок деген тилек. Калгандарын да күтүп жатабыз.
Жыргалбек Касаболот
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс