Эркин Салымбеков жергиликтүү дыйкандар үчүн атайын тоскоолдуктарды жаратып, ири суммада акча алып тургандыгы айтылды.
Өткөн жумада белгилүү ишкер Эркин Салымбековдун атайын кызмат тарабынан кармалып бир айга камакка алынганы маалымдалган болчу. Ал эми бул жумада аны кармоонун себеби айыл чарба азыктарын экспорттоодо өндүрүүчүлөргө атайын тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн шектелип жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, Салымбеков атайын кызмат тарабынан кармалып, бир айга камакка алынган.
Ал айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоодо атайын тоскоолдуктарды жараткан деп шектелип жатат. Бул ишке Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлеринин дагы катышы болгондугу айтылды.
Мунун кесепетинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды эспорттоо үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.
«Иликтөөнүн жыйынтыгында министрликтин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү жана «Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков кармалды», — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы айтылды.