Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Досье / Н. Арипов: — Кыргызстан кайсы бир диний кыймылдардын таасирлеринде калып калышы мүмкүн эмес

Н. Арипов: — Кыргызстан кайсы бир диний кыймылдардын таасирлеринде калып калышы мүмкүн эмес

Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликке келгенден кийин кошуна мамлекеттерде, анын ичинде Борбор Азияда айрым террордук топтор баш көтөрүшү мүмкүн деген божомолдор айтылган. Учурда Кыргызстанда диний радикалдуу топтордун аракети байкалган жокпу деген суроонун айланасында Теология илимдеринин доктору, доцент Ниязалы Арипов менен маектештик. Ага диний багыттагы башка суроолор да узатылды.

-Ниязали ажы, азыр Кыргызстанда кандайдыр бир диний радикализм байкалбайбы? Анткени Кыргызстанда да ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликке келгенден кийин Борбор Азияда айрым террордук, диний радикал топтор баш көтөрүшү мүмкүн деген божомолдор айтылган эле.

-Албетте, биздин мамлекет дүйнөгө ачык өлкө. Бизге жакын болуп эсептелген Ооганстандагы бийлик алмашуу менен Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылынын бийликке келиши, бул – кайсы бир мааниде өз таасирин берет деп ойлойм. Бирок, Кыргызстан, анын ичинде Борбор Азия салыштырмалуу караганыбызда, диний жактан жана светтик жактан сабаттуу коом болуп эсептелет. Ушул жагдайды эске алганда, эч кандай радикалдашып, ошол кыймылдын таасирлерине калып калышы мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, азыр байкообуз боюнча, айрым топтор кандай болот экен деп көзөмөлдөп, байкоочу абалда турганы байкалат. Анан эч кандай бир радикалдашкан таасирлер жок.

-Азыр радикал топтор менен мындан ары да күрөшүү үчүн кандай аракеттер көрүлүш керек?

-Өзү динде, анын доктринасында радикалдуулук жок. Бирок аны түшүнүүдө, туура эмес түшүнүүдө, жетик эмес чала аңдап билүүдөн келип чыккан радикализм бар десе болот. Бул жактан алганда, ошол радикалдуу көз карашты карманган инсандар топ же топтордун бар экенин айтса болот. Мына ушулардын үстүндө профилактикалык иштерди көбүрөөк аткарыш керек. Негизи мусуманчылыкты туура эмес түшүнүп алгандардын арасында болот. Мында билим берүүгө түздөн-түз тиешеси болот. Динди да тартиби менен, өзүнүн нукура булактары аркылуу туура маалыматтар менен үйрөтүлүш керек. Бул жаатта бизде көйгөйлөр чечиле элек. Мисалы айтсак, дин таануу багытын карманган сабактардын коюлбашы, жаштардын стандарттуу диний билим алуусуна шарт жоктугунан, диний багыттагы билимдерге канааттанбаганы көйгөй катары турат. Бул маселе боюнча көп жолу айтылып келет. Бирок азыркыга чейин ыкчам чечилүү стадиясына келбей жүрөт. Ошол эле мектептерде дин таануу сабагы коюлса, ЖОЖдордо дин таанытуучу лекциялар өтүлсө, диндер деген эмне, алардын тарыхы, диндердин ичиндеги агымдар тууралуу, радикализм, экстремизм эмнеден келип чыгат деген маалыматтарга жооптор берилген сабактар өткөрүлүш керек эле.

-Өлкөдө 3348 диний уюм каттоодон турат экен. Алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагы уюмдар, ошондой эле 12си Бахаи жамааты, 1 иудей жана 1 буддистер жамааты экен. Ал эми каттоодон өтөбүз деп жүрүшкөн баптисттер сыяктуу диний секталарды көзөмөлдөө кандай болуп жатат?

-Кыргызстанда Баш мыйзам боюнча дин эркиндиги кепилденген өлкө болуп эсептелебиз да. Ошол эле учурда эл аралык адам укуктар боюнча декларацияларына баш ийип, кабыл алганбыз. Бекем дин тутуу эркиндигине толук кандуу мыйзамдык ченде коюлган. Эми болгону прозелитивдик аракеттер аркылуу, жөнөкөй тил менен айтканда, үгүттөө менен диний кыймылга өткөрүп алуу болбош керек. Бул негизи кыйыр түрдө мажбурлоо катары калат. Андай аракет мыйзам менен да тыюу салынган. Демек бизде, Сиз айткан христиан багытындагы секталар кайсы бир мааниде өздөрүнүн кандайдыр бир иш-чараларын өткөрүүгө укуктары бар. Бирок, анын ичинде алар прозелитивдик элементтер менен эмес, эркин тандоосуна, адамдын ыктыярына негизделген гана тартипте иш алып барыш керек. Бул жааттан караганда, азыр башка диний секталарга адамдардын өтүп кетүүсүнүн көбөйүүсү жок. Биздин байкообузда буга негизи ошол Кыргызстан өлкөсүндө жалпысынан салттуу ислам динин кабыл алган мусулмандар басымдуулук кылат деп эсептелет. Бүгүнкү күнү ошол ислам дини аркылуу дагы инсандар жетиштүү деңгээлде ыймандык көрөңгөсүн көбөйтүп, жан дүйнө азыгына жол таап жатат деп бул жаатта өсүү бар десек болот. Демек, кайсы жерде башка секталарга өтүп кетүү күчөйт? Ошол тарыхий жолундагы динин билбегендиктен, же ал жактан жетиштүү маалымат болбой калган учурда болот. Бул жаатта алдыга жылыш бар, анткени Кыргызстанда диний бөлүп-жарылуу байкалбайт десе болот.

-Кыргызстанда 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды. Мындай концепциялар көп жолу кабыл алынган. Анын кандай пайдасы тийет?

-Бул концепциянын негизги багыты дин менен мамлекеттин ортосундагы кызматташууну тескеп туруучу мүнөзгө ээ болуп эсептелет. Концепция – ошол эле учурда биз башкаруунун светтик мүнөзүн сактап калуу багытында дагы жарыяланат да, ушул багытта кызмат кылат. Андан кийин дин чөйрөсүн өнүктүрүш үчүн чогуу-чаран иш алып барууга жол ачып берет. Ушул жагынан маанилүү. Бирок, дагы эле ошол ар бир диний концепция диндеги өз максаттарын, өз алдынчалыгын кармоо менен көп иш алып барыш керек. Себеби, мамлекет концепция алкагында толугу менен тиешелүү муктаждыктарды чечип берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү. А концепция ушуларга кадам таштап, аз да болсо кызматташтык менен кандайдыр бир көңүл буруу аркылуу камкордукка алуу болуп саналат. Албетте, демократиялык түзүлүштө элдин басымдуу бөлүгү кабыл алган динде, расмий концепцияда дагы мусулманчылыктын ханафий мазхабы, матрудий акыйдасын эске алуу менен көңүл борборунда болуу каралган. Бул элдин биримдиги, ынтымагы үчүн маанилүү экендиги баса белгиленген. Ошондой эле бул кандайдыр бир мааниде мамлекеттик колдоого алуу катары да кабыл алсак болот.

-Кыргызстанда “ханафий мазхабы” жана “матурудий ишеними” салттуу дин десек, бирок ага каршы чыгып, мусулманчылыктагы башка көз карашта жашагандар да бар. Бул нерсе барып-барып коомдо диний жарылууну алып келбейби?

-Мазхаб деген өзү диндин бир багытын карманган  жол да. Бул – ислам алкагынан карай турган болсок, тээ ислам дини келген учурда, пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхисаламдын динди таркатуусу башталгандан берки жол бул – өзүнүн китептери, далилдери менен мазхаб жолу деп эсептейбиз. Борбор Азия элдери, анын ичинен Кыргызстан да, ошол ханафий мазхабы, матрудий акыйдасын карманып, исламды үйрөнүү менен кабыл алган. Демек, анын тээ 10 кылымдан ашык тарыхий өтмүшү бар. Ошондуктан муну салттуу деп айтабыз дагы, элдин аң-сезими, салт-санаасы, менталитети менен жуурулушкан, карама-каршылыкка жол ачпаган жол да. Ал эми бул да таңууланбаш керек. Бул деле эркин. Ал эми башка бир мазхабды же агымды карманган, инсан болобу алар деле мыйзам чек арасында өз ишениминде жашоого укуктуу. Ошол эле учурда Кыргызстанда эч кандай дин тутунбай жашаганга да укук берилген да. Ошондуктан алардын да укуктары тепселбеши керек. Себеби, динде эч бир тарапты мажбурлоо болбош керек. А мажбурлоо болгон жерде укуктар корголбой калат. Ошол жааттан караганда, эч кандай кооптуулукка жол ачпайт, кайра коопсуздукту, биримдүүлүктү, ынтымактуулукту сактайт. Туура диний билим алууга жана туура диний билим берүүгө жол ачып берет.

аегиңизге рахмат.

 Маектешкен Асанбек Каракозуев

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс