Понедельник , 29-Ноябрь 2021

МЭЭРИМ

Көрүшкөндө эле үч кайрый рахмат айтып жибердим. Рахмат, карындашым, ыраазыбыз, өмүрлүү бологой, намыска жарап бербедиңби алтын кыз… дегенимче, сиздерге да чоң рахмат деп иймениңки, ыйбаа жооп узата кетти, Мээрим. Жанындагы жоолукчан жакыны да жарыша рахмат айтты мага. Мага эмнеге “рахмат” деп коём, ичимен. Бир аз сөз уланган соң, ошол жоолукчан эжеке: “Биз жанагы ажы айткан сөзгө аябай арданып атабыз, кызыктай болуп, кадимкидей басына түштүк…”, — дебеспи. Ажынын айтканын анча деле этибарыма албаган элем, азыр да ойлогон эмесмин. Жо-жо-ок, аны көңүлүңөргө албай эле койгула — деп бу эжекенин алдында мен да кызыктай болуп… Айтканын ажыке айтып, уялганын мен уялып, таңоозунуку. Капортолой ананас шире куюлган фужерди Мээримге кармата, теманы бурдум:
— Айсулуу зикир чалып баратат деп жайында кеп кылып жатышты, килемге чыгаарда сени кандай ишеним коштойт?
— “Бисмилла” деп оң бутумду баштап кирем. Болду. Килем үстүндө эч нерсеге оюң бөлүндү болбошу кажет. Кудайга сыйынууну же ичиңде карманган кандайдыр ырымдарга, ишенимдерге таянып беттешке чыгууга болбойт. Атаандашыңдын алдында бир гана өзүңө ишенип, күчүңдү, акылыңды так башкарышың керек.
— Жеңгениң бир тең, жапан кызга жасаган мамилең бир тең болду го, сага бүтүндөй дүйнө эли мээримге, боорукерликке суусап калгандай туюлбадыбы?
— Ооба, өзүнчө чоң сөз болуп кетти. Күрөш оор өттү. Мен жөн гана травма алып калбаса экен деп аны аяган болчумун. Чын эле адамдар бири-бирине жардам беришүүнү, бирин-бири колдоону баалай башташкандай туюлду.
— Силер тышта беттешүүдө жүргөндө, биз аянтка экран илип алып, алдына толуп алып “алтын ал эле алтын ал” деп бакырып атпайбызбы, ушунун таасири кандай?
— Жеңишти ичтен сабыр сактап күткөн жакшы. Биз өзүбүздү элдин алдында дайым милдеткер сезебиз, мелдештерге мамлекетибиздин жүгүн көтөрүп барабыз…
Сөзүбүздү кумири менен сүрөткө түшүүнү каалаган студент кыздар кыскартты. Мээрим экөөбүз маекти жакынкы күндөрү эфирден улантмай болдук. Алтын кыз менен ирмемдик жүздөшүүдөн буларды байкадым: Күрөш башы эркектаналардыкы эмеспи, күрөштүн дээрлик түрү күчтүн күчүн талап кылат. Ошол эле күрөштү тандаган кыздар, ошол эркектердей эле кубат жумшайт. Талаптарына, ыкмаларына, сырткы көрүнүшүнө эркек сыпатында боёк сүрткөнү менен ички сезим-туюму, жан дүйнөсү аялзатыныкы баары бир өзүндөгү аялуу, назик табиятынын огунан чыкпайт экен. Андыктан эркекмүнөз спорттун түрүн тандаган кыз балага түшүнүү менен аяр мамиле жасашыбыз зарыл. Айтып атпайбы, “килем үстүндө оюң экиге бөлүнбөшү керек” деп. Демек, алар күрөшүп жаткан учурда “ажыкенин көз-карашы” аталган “вирус” психологиялык тең салмакты кыйыр да болсо кыйшайтчудай. Маселен, кыздарыбыз беттешке чыккан мүнөттөрдө буга чейин таптакыр ойго албаган милдеттүү түрдө кийүүчү спорттук кийими жана динчилдердин сынына толбогон дене келбети туурасындагы муздак санаа жүлүнүнөн бир жүгүрүп өтүшү мүмкүн. Береги “ардандык”, “басындык” деген жандүйнө кыйкырыгы бекер жаңырган жок.
Өөй, кыргыздын саясаттагы, базардагы, мечиттеги, мончодогу, үйдөгү, талаадагы, пробкадагы, тойканадагы, тоокканадагы, этканадагы эркектери! Айрыкча, ааламды акча менен эт аркылуу караган аттуу-баштуу эркектер! Туу көтөргөн кыздарыбыздын туурасынан чыгып “нарындын эти”, “тооктун эти” ж.б. деп тилиңерди чайнабагылачы. Спортчунун спорттук доору кыска эле болот. Кыздарыбыздын жаратып жаткан ийгилиги чоң болгону менен өздөрү жаш, алар өлчөлүү гана мөөнөттө өнөрүн, дараметин даңазалайт. Алар эртең ким бирөөнүн жаркылдаган жары, жакшынакай уул-кыздын энеси болот. Кыргыздын кыздарын сук көздөн, суук сөздөн коргоочусу — кыргыздын эркектери го, акыры…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс