«Тойдо случайно жолугуп калды тиги экөө» дейсиңер. Ал болбогон кеп. Эгер канатына калкалагандын ордуна мыйзамдуу чара көрсө УКМК жетекчиси жүргөн жерден 10 км айланып өтүп жүрмөк.
Экөөнүн партиясы биригип кеткенин, былтыры «Мекеним Кыргызстан» менен чыккандар быйыл кайсы партияга киргенин көрүп атасыңар. Райым менен кошо коррупциялык схема түзгөнүн моюнга алып, 8 млн сом төккөн дагы бир бажычы ошол партиядан талапкер экен. Алар менен коррупциялык кылмыштарды жасаганын моюнга алып, 12 млн сом төлөгөн башка таможенник бир мандаттуу округдан коюптур. (макаланын ссылкасы комментарийде)
Акыйкаттык, мамлекеттүүлүк, коррупцияга каршы күрөш үчүн ушул бийликти колдоп атам дегендерге боорум ачыйт.
Силерге куру убаданы берип, ишендирип коюп тигилер үстүңөрдөн мыскылдап гана турушат.
Эл алданганда, акыйкатты таппай арданганда жаман болчу эле…
Азыркы бийлик элге так белги бериши керек. Өзгөчө шайлоонун алдында:
Коррупционерлер менен табакташпы же таза Кыргызстанды курууну көздөйбү?