Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Министрлер кабинетинин жаңы курамы экономиканы кризистен чыгарышына ишенүү кыйын

Министрлер кабинетинин жаңы курамы экономиканы кризистен чыгарышына ишенүү кыйын

Министрлер кабинетинин төрагасынын жана Президенттин Аппарат башчысынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров жана анын командасы өлкөбүздү кыска аралыкта экономикалык кризистен чыгарып кетерине ишенүү кыйын. Анткени Кыргызстанда 30 жылдан бери жетекчилик кызматта иштегендер жада калса, президентибиз Садыр Жапаров өзү айткандай, тиш чукугуч да чыгара алышкан жок. Ошол эле учурда Союздан калган завод, фабрикалардын таш-талканын чыгарып, тетиктерин металлоломго тапшырып, имараттарын менчиктеп алышкан. Натыйжада өлкөбүздүн экономикасы медициналык тил менен айтканда, өнөкөт оорууга айланып калган.

Башканы кой, айыл чарбалуу мамлекет болгонубуз менен өзүбүздү-өзүбүз картошка жана сүт азыктары менен гана камсыз кылып, калган жеп-ичкендерибизди же 80% азыкты сырттан ташып келет экенбиз. Себеби дыйкандар эккен эгининин пайдасын көрмөк турсун, кеткен чыгымын да кайтарып ала албагандыктан, дыйканчылыкка кызыкпайт. Эми ушул немистер бомбалагандан да жаман абалдагы экономиканы бир жылдын ичинде жомоктогудай өнүктүрүп жиберүү  Акылбек Жапаровдой алты экономисттин деле колунан келбесе керек.

Мындан тышкары, Кытай баш болгон азыркы дүйнө жүзүндөгү экономикасы дүркүрөп өнүгүп бараткан өлкөлөр жалаң чет элдик инвестиция тартуу аркылуу өнүгүп жатышат. Бирок бизге ГЭС, ТЭЦ, автомашина чыгарган заводдорду кура турган ири инвесторлорду айтпай эле коёлу, ошол эле электромобиль же тиш чукугуч станок кура турган инвестор келиши күмөн. Себеби алар эртең дагы бир революция-төңкөрүш болуп кетсе, “оборотум наборот болуп кетпесин”,- деп чочулашат. Бир чети мамлекеттик органдар чет элдик инвесторлордун иштешине шарт түзгөндү кой, “шапка” сурап, экинчи жагынан криминал деген балакет өз үлүшүн талап кылып, эгер баш тартса, банкрот кылат.

Эң акыркы шектүү жагдай, Акылбек Жапаров өзү баш болуп, буга чейин эле бир нече министрликтердин креслосун ээлеп, эч бир жаңылык, өзгөртүү жасай алышкан эмес. Кыскасы, кечээ дайындалган министрлердин көпчүлүгү эле “экстер” экен. Арасында бир да новатор, чет өлкөдөн окуп, тажрыйба топтоп келген эл аралык деңгээлдеги адис көрүнбөйт. Кыскасы, булар курал атканды билбеген жоокерлердей эле жоого каршы аттанышууда. Баарынан да мамлекет, өкмөт жеке ишкерлерге аз пайыз менен кредит берүүнү реалдуу түрдө колго ала элек. Мамлекет же эл аралык каржы институттары бөлгөн аз пайыз кредиттер болсо, коммерциялык банктар аркылуу берилип, баягыдай эле жылдык үстөгү 20-30%га чыгып кетүүдө. Ал да карапайым дыйкан, фермерлерге жетпей, аким, өкүмдөрдүн туугандарынан ашпайт.

Эмилбек Момунов.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс