Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / “Исаков-Мамакеев” талашы: Чындык ким тарапта?

“Исаков-Мамакеев” талашы: Чындык ким тарапта?

“Исаков-Мамакеев” талашы жөнүндө пикиримди жазсам Ыдырыс акенин кесиптеши катары бир тараптуу кабылданып калабы деп ойлодум эле. Экинчи позициянын кыйкырыгы үстөмдүк кылып кеткендей сезилгени үчүн мен да маселе жөнүндө үн кошууну чечтим.
Биринчи сөз жалпы жонунан болсун. Салттуу журналистика көп мезгилде эл аралык стандарттарга, кабарчылык этикага, редакциялык саясатка жана башка нерселерге камалып, ошонун айынан кайсы бир темаларды көтөрө албай калат. Ушул боштукту жарандык журналистика, блогерчилик, ютуберлик жана ушул сыяктуу нерселер толтуруп жатат. Журналисттер буйтап айтып жаткан нерсени блогерлер ачык-так, болгонун болгондой сөз кылып жатканы үчүн алардын көрөрмандары эселеп көбөйүүдө.
Эркин журналисттер эч бир стандартка сыйбайт, эч бир жетекчинин жана эч бир тараптын көзүн карабайт. “Кыска бериш керек”, “түшүнүктүү жасаш керек”, “балансты сакташ керек” деген нерселерди деле сактоого милдеттүү эмес. Болгону адамгерчилик эрежелерин жана мыйзамды сактаса болду. Калганын өзү туура жана туура эмес деп эсептеген нерселерди актап-айыптап, өз көз карашын коомчулукка эркин айта берет. Муну үчүн ага Конституция укук берет.
Ыдырыс Исаков мурда журналист болгон, ал ошондуктан журналистиканын эрежесин сакташ керек деген нерселер бул жерде суу кечпейт. Ал мындан ары эркин журналист. Жогоруда белгилегендей, ал мыйзамдан башка нерсени сактоого милдеттүү эмес. Мен муну Исаковдун башка материалдарына байланыштуу талкуулардан улам өзүнчө белгилеп айтып жатам…
Экинчиден, соңку материалында Мамбет Мамакеев менен болгон маегинде Ыдырыс Исаков кыйкырып жаткандай көрүнгөнү бул атайылаганы эмес. Бул анын сүйлөө манерасы, анүстүнө жашы өткөн киши кулагы укпаганы үчүн да, алып баруучу үнүн бийигирээк чыгарганы көрүнүп турат.
Үчүнчүдөн, бул жөнөкөй эле блогер менен дарыгердин чарбалык талашы эмес – бул фундаменталдык (түпкүлүктүү) нерселердин талашы. Ал оюмду мындайча чечмелеп көрөйүн…
Кыскасы, эл аралык укукта “мамлекет” деген түшүнүк – өлкөнүн суверенитети, аймагы, бүтүндүгү, калкы, өз алдынча саясат жүргүзгөн бийлиги менен бааланат. А мунун баарын эмне кармап турат? Конституция. Баш мыйзам жана башка мыйзамдар. Мамлекетсиңби, анда Конституцияңды, мыйзамдарыңды сакташың керек. Сактабасаң, анда сен мамлекет эмессиң, сен жөн гана варварсың, жапайы, али калыптана элек элсиң.
Адам укуктары же башка нерселер сыяктуу эле мамлекеттин жери, мамлекеттин ар бир мекемесинин, өзгөчө социалдык жайларынын аймактары да ошол мыйзам менен корголгон. Демек, ал дагы кол тийгис болушу керек.
Албетте, айрымдар “башка мамлекеттик жерлер деле, башка мамлекеттик мүлктөр деле жеке колго кеткен” деши мүмкүн. Эгер мыйзамсыз болсо алардын ар бирине ушундай баа берилиши керек. Эгер билсеңиз, сиз деле ошол маселени көтөрүп чыгыңыз, сиз да жаран катары, зарыл болсо жарандык журналист катары айтыңыз, маселе көтөрүңүз. Ага ким тоскоол болуп жатат?
Мамбет Мамакеевдин эмгеги, иш тажрыйбасы, элге кылган жакшылыгы башка нерселер менен баалана берсин. Наам берилсин, сыйлансын, билбейм, көчөгө аты берилсин. Зарыл болсо мамлекеттин карамагындагы батирлерден деле берилсин, мен ага каршы эмесмин. Эгер ооруканага күнү-түнү кирип чыгыш керек болсо, ошонун жанындагы менчик үйлөрдөн алып беришсин.
Бирок ага мамлекеттин ооруканасынан жер тилкеси берилгени мыйзамсыз. Бул ачыктан ачык коррупция. Ал эми аны коргоп жаткандардын позициясы бул мамлекеттүүлүк – мыйзамдык түшүнүк эмес, бул кыргызчылык же эскичилик түшүнүктөр. “Ал киши өтө кыйын”, “ал киши элге эмгеги сиңген”, “ал киши кыргызга кызмат кылган”, “ошону үчүн ала берсин” деген нерсе бул караңгылык.
Эгер ушул эле түшүнүк менен алганда, анда кайсы бир министр жакшы иштесе министрликтин, кайсы бир ректор эл оозуна алынса университеттин, кайсы бир директор мыкты эмгектенсе мектептин короосуна үй салып алууга уруксат беришибиз керек болуп калат. Жакшы мыйзам жазган депутатка Ак үйдөгү иш бөлмөсүн, экономикалык каатчылыктан чыгарып кетсе президентке Өкмөт үйүнүн жарымын берип салыш керек болуп калат.
Бул абсурд нерсе болуп көрүнүп атабы? Анда сиз коргоп жаткан Мамакеевдин “ыйыктыгы” да так ушундай акылга сыйгыс нерсе. Жогоруда кеп кылгандай, бул жүйөнүн түпкүлүгү туура эмес.
Баса, кезинде куду ушундай адамдын керт башына сыйынуу түшүнүктөрү менен жазуучу Чыңгыз Айтматовго да “Ала-Арча” резиденциясынан жер тилкеси берилип кеткени белгилүү. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин аны эки жубайынын балдары бөлүп алып, бири жөн эле бир жеке бизнесменге сатып ийген деп уккам. Элестеткиле, мамлекеттин лидерлерине убактылуу жашоого берилген резиденцияда эми жөнөкөй эле бир ишкер жашоого укук алып алды.
Мамакеев да көзү өтсө, балдары үйүн сатып жиберсе, оорукананын жери башка кишиге өтүп кете берет. Талашкан биз калабыз, анан жерин алдырган оорукана калат. Ошол. Оюмду айтып бүттүм окшойт сыягы…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс