Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / Баткендеги согуштун азабын эл тартып, пайдасын ким тапты?

Баткендеги согуштун азабын эл тартып, пайдасын ким тапты?

Жообу — Тажикстандын аскерий агрессиясы.

Кийинки суроолор — бул согуш кимге жана эмне үчүн керек болгон? Албетте, тажик армиясы “бул согушка курал” болуп калды. Келгиле, карап көрөлү, кимдин куралы болушту?

Кандайдыр бир кылмыштуулук сыяктуу эле, суроону берүү керек – мунун үзүрүн ким көрдү?

Жаңжалдын алгачкы сааттарынан тарта айрымдар Россияны айыптай башташты. Эки өлкөнү согуштуруп, кийин тынчтык орнотуучу катары чыга келди дешти. Негизги аргументи: жаңжалдан бир нече күн мурун орусиялыктар Тажикстанга аскердик техникаларын салтанаттуу түрдө тапшырышкан. Мындан тышкары, Россия жаңжалга башынан эле кийлигишкен эмес жана аны чечүүгө аракет кылган эмес.

Бир караганда ынанымдуу көрүнөт. Бирок дүйнөлүк саясат үчүн бул өтө эле жөнөкөй эмеспи? Ушунчалык олдоксонбу?

Бул жаңжалдан Орусия эмне пайда алат? Ал буга чейин Борбор Азиянын эки мамлекетин тең көзөмөлүндө кармап турган. Эгер Кремль Жапаровду кулатууну кааласа (көпчүлүк «аналитиктер» тастыктап бере алат), муну бир топ жеңилирээк жол менен ишке ашырмак:

  • Документтери туура эмес деген шылтоо менен, жүз миң кыргызстандык мигрантты депортация кылмак;
  • айыл чарба продукцияларын жеткирүү мезгилинде фитосанитардык көзөмөлдү күчөтмөк;
  • мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу оңдоо-түзөө шылтоосу менен күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүнү кыскартмак. (азыркыдай)

Айтор, ички саясатыбызга кийлигишип, башка көптөгөн ыкмаларын колдонмок.

Мунун натыйжасында Кыргызстандагы экономикалык кризис — бул жердеги абалды тез арада курчутмак. Албетте, башкы күнөөкөр Кыргыз Республикасынын президенти болмок, анткени ал азыр баардыгы үчүн өзү гана жооптуу. Кантсе да, Жапаров өзү ушундай чечим кабыл алып, өзүнүн Конституциясын ушинтип жазып алган.

Ушундайча кыргыз-тажик чатагынан Орусия пайда таппайт деген менен, же жең ичинен макулдашып, бирок ал макулдашууну аткарууда тажик тарап шашылып кеткен болушу ыктымал. Мындайча актканда Орустарды ачык эле “подстава” кылып койгондой болду окшойт.

Бийликтин аткошчулары актангандай, чек арадагы чатактын уюштуруучуларынын бири дүйнөлүк нарко мафиясы. Бул дагы болбогон шылтоо. Анткени, чек арадагы тирештер баңги сатуучулар үчүн эч качан пайда алып келбейт. Тескерисинче, бул алардын ишине тоскоолдук жаратат. Баңги мафиясы тымызын гана өз оокатын өткөрүүгө, чек арачыларга ыңгайлуу шарт түзүүгө муктаж. Ал эми согуш учурунда чек арачылар 3 эсе көбөйөт жана жарандар контрабанданы өзүлөрү көзөмөлдөй баштайт. Дал азыр болуп жаткандай.

Демек, баңги мафиясы кыргыз-тажик жаңжалына да кызыкдар эмес. Мындан тышкары, чек арада буга чейин баңги заттарынын ири партиялары кармалганын уккан жан барбы? Жок. Бул УКМКнын төрагасы Ташиев жаңжалдын себеби деп жарыялаган аткезчилик каналдардын бири-бири менен дал келбей жатат. Ал ушундайча өзүн-өзү актоого аракет кылып жаткандай. Кантсе да, болуп өткөн окуянын башкы күнөөкөрү дал ушул адам. Ал жетектеген кызмат, тажик тараптын чабуулга даярдыгын, чабуулун өткөрүп жиберип, тажик аскерлеринин биздин аймакка киришине, кол салуусуна жана жайкын тургундардын өлүмүнө жол ачып берген.

Бул согуш тажик президент Рахмонго пайдалуубу?

Кандайдыр бир деңгээлде, ооба. Анын үстүнө, анын буйругу жок Тажикстанда аскердик техниканы колдонууну мындай кой,  жалбырак да кыймылдабайт.

Анын максаттарынын бири — Кыргызстанга кысым көрсөтүп, чек араны өз пайдасына чечип алуу. Ушул жол менен биздин мажүрөө жетекчилерди коркутуп коём десе керек. Бирок менимче, Тажикстандын атайын кызматы жана аскердик чалгындоо иштери ушунчалык алсыз болгондуктан, алар кыргыз тараптын мүмкүнчүлүктөрүн эсептей алышкан эмес. Рахмон, анын республикасы узак убакытка созулган согуш аракеттерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин баарынан жакшы түшүнөт. Биринчиден, экономикасы буга жол бербейт. Ал эми тажик армиясынын бюджети аз — болжол менен 150 миллион доллар. Жана бул согуш көпкө созулуп кетмек.

Ооба, чек арада туруктуу жана кыска убакыттык согуштар Рахмон үчүн пайдалуу. Бул элди бириктирип, ички саясаттан алыстатып, экономикалык көйгөйлөрдөн арылтып, жада калса бийликке жакпаган адамдарды репрессиялоого мүмкүнчүлүк берет. Мына ушундай кыйын күндөрдө Рахмон өзүнүн мураскорун, тактап айтканда, уулун такка отургуза алат.

Бул согуш тажик оппозициясы үчүн пайдалуубу?

Ооба! Оппозициянын негизги бөлүгү дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүндө качып жүрөт. Эми алар Рахмон эки мамлекеттин ынтымагын ыркыратып, кагылышууну анын расмий эмес жетекчилиги астында болгон деп айыптап чыгышат. Оппозициянын өзү мындай ири масштабдагы провокацияны уюштура албасы анык. Алар жөн гана колго тийген мүмкүнчүлүктү колдонуп жатышат.

Чек арадагы чатактар кыргыз оппозициясы үчүн пайдалуубу?

Чындыгында эле ушул үч күндүк согуштан кийин Жапаров-Ташиев тандеминин кадыры болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бирок, бийликтин сынчыларынын чачырандылыгынан, оппозиция өзү окуялардын мындай курчушуна даяр эмес болчу. Эч кандай курч билдирүүлөр, талаптар угулган жок, ички саясаттагы кырдаалды курчутуу аракеттери таптакыр байкалбайт.

Согуштун кесепетин эл тартып, үзүрүн бийлик көрдүбү?

Учурдагы кырдаал, негизинен, президент Жапаровдун колунда жана командасынын пайдасына чечилди окшойт. Эл ички көйгөйлөрдөн алагды болуп жатат. Казинолордун ачылышына нааразы болгон эл, уу коргошунга ууланган бейтаптар, электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү жана Жапаров кызматка киришип жатып таза өткөрөм деп убада кылган шайлоолордогу мыйзам бузуулар унутулуп кетти.

Ушул локалдуу согушка жамынып, Президент жаңы Конституцияга кол койду, жаңы министрлер кабинетин бекитти, ал тургай келечектеги стратегиялык мамлекеттик объектилерди менчиктештирүүнү жарыялады. Карапайым эл Баткендин курмандыктарына кам көрүп, кайгы менен алаксып жатышат. Аларга тамак-аш, кийим-кече, акча чогултушат. Бизнесмендер кыйраган мектептерди, бала бакчаларды жана үйлөрдү калыбына келтирүү жолдорун карап жатат.

Бирок Жапаров бийликти сактап калуу үчүн ушундай кан төгүүнү уюштурду дегенге да ишенүү кыйын. Эгер 2010-жылы Бакиев эмне кылганын эстесеңиз (көпчүлүк аны менен Жапаровду ушул күнгө чейин байланыштырып келишет), анда ойлонуп көрүү керек…

Эми окурмандардын көңүлүн абдан кызыктуу дал келүүгө бургум келет.

2010-жылы, Ош шаарында улуттар аралык жаңжал башталган күнү, Ташкенде КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммити болуп өткөн. Быйыл Дүйшөмбү шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын жыйыны болгон күнү, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кагылышуулар башталды. Бул жөн гана кокустук эмес деп ойлойм.

Кыргыз-тажик аскер жаңжалы башталаары менен интернетте Кыргызстан ЖККУдан тез арада чыгып кетиши керек деген билдирүүлөр пайда болду. Бул эл аралык уюмдун беделин түшүрүү үчүн бардыгы пландалган болушу мүмкүн деп ойлобойсузбу?

Эгерде четтетүү ыкмасы менен кете турган болсок, анда АКШ бул жалпы башаламандыктын негизги пайда табуучусу болуп калат. Бул өлкө көптөн бери Борбор Азияны тынымсыз алоолонгон экинчи Афганистанга айлантууну пландап келген. Эң алсыз эки өлкө — Кыргызстан жана Тажикстан болгон.

Мындан тышкары, бул эки өлкөдө билим берүү тармагы артка кетип, экономикалык кризис солкулдатып жатат. Эки мамлекетте тең, өз лидерлеринин чакырыгы боюнча, өзүнүн диндеш бир тууганын өлтүрүүгө даяр радикалдык фанатизмди жактагандар бар. Ар тараптын тышкы колдоосу чоң. Тажикстанда Ооганстан жана Иран, ал эми Кыргызстанда түрк элдери, мүмкүн, бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттер (Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан) бар. Ал эми процессти «туура» башкаруу менен, ушул чакан аймакта ири отту тутантууга болот, он чакты өлкө жаңжалга тартылат. Оттон, дүркүрөгөн Борбор Азия ошол эле учурда АКШнын негизги оппоненттерине каршы сокку. Россияга дагы, Кытайда дагы.

Бирок АКШ мындай операцияны кандайча жүргүзмөк? Андан дагы Россияга өтө көз каранды деп эсептелген президент Рахмон менен.

Дүйнөлүк саясатта таасир этүү же ишендирүү ыкмалары көп. Германиянын канцлери Меркель Бишкекке келгенден кийин Атамбаевдин Россияга болгон мамилеси жаман жагына кескин өзгөргөнү эсиңиздеби?

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы тирешүү бир аз басаңдагандай болду, бирок маселенин чечилбегендигинен улам мамилелер мурдагы деңгээлине оңой менен кайтып келбейт. Чек аралар бекемделет, чек арадагы айылдардын жашшочулары куралданат, элдер бири-бирине кек сактап калат. Эки өлкөнүн президенттери тең сүйлөшүүгө жөндөмсүздүгүн көрсөттү. Жапаров тажрыйбасыз саясатчы, ал эми Рахмон бир топ тажрыйбалуу экенин айтса болот. Ал эми тышкы күчтөр бул тирешүүнү сөзсүз өз пайдасына колдонушат.

АКШ өз аскерлерин Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгарып кетүүгө убада берди. Бирок америкалыктар биздин аймактан авиабаза үчүн орун издеп жатат. Болбосо, айрыкча АКШ Түркия менен мамилеси начарлагандан кийин, өтө чоң геостратегиялык аймак ачык бойдон кала берет. Вашингтон умтулуп жаткан Өзбекстанда аскер базасын ачуу мүмкүнбү, бул чоң суроо. Россия буга жол бербөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот. Ал эми Тажикстан менен Кыргызстандын тиреши учурунда алардын айрымдары АКШдан колдоо сурашы мүмкүн.

______________________________________

Бул кыялын ишке ашыруу үчүн америкалыктар араб өлкөлөрү сыяктуу эле бүтүндөй Борбор Азияны жардырышы керек. Биздин аймак көмүр суу ресурстарына да бай экендигин унутпаңыз.

Негизгиси, биз үчүн жана биздин башчыларыбыз үчүн — бирөөнүн куурчагы болуп калбоо. Ким душман, ким дос экенин ажыратып, тышкы саясатты түздөп кетүү учуру келди.

А. Сыдыков, атайын Batken.press сайты үчүн.
Эскертүү: Автордун пикири редакциясынын көз карашын чагылдырбайт

http://batken.press/batkendegi-sogushtun-azabyn-el-tartyp-pajdasyn-kim-tapty/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс