Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Без рубрики / Маммүлктүн «берекеси», Максимдин көлөкөсү

Маммүлктүн «берекеси», Максимдин көлөкөсү

Азыркы бийлик өз учурунда Курманбек Бакиевдин командасында болгонун жашырган деле эмес. Качкын президенттин үй-бүлөсү буларга кандай ишенич артканын 2010-жылдагы окуялардан соң Жаныш менен Максимдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөзүндө жакшы ачылган. Ошого карабай шайлоодо буларды колдоп добуш бергендер акырет бар экени чын болсо Ала-Тоо аянтында курман болгон 90 баланын алдында өздөрү жооп берер. Бирок ага чейин бул дүйнөгө көз чаптыра турган болсок, Бакиевдин үй-бүлөсү тирүү, эркиндикте, кызыкчылыктары, арааны эч кайда кеткен жок. Анткени табияты ошондой, бөрү баласы ит болбойт. Ошондуктан былтыртан берки өлкө башынан кечирип жаткан нерселерди талдаганда бакиевдер кланынын таасирин эске албай коюш мүмкүн эмес. Тескерисинче, ошол таасирдин контекстинде абдан жакшы ачылат. Алардын айрымдары тууралуу буга чейин кеп кылганбыз («Президенттик шайлоонун сабактары»).
Ал арада былтыркы окуялардын негизги максаттарынын бири ачыкка чыга баштады. Беш жылдын ордуна алты жыл отурган парламент «Мегакомду» менчиктештирүүгө уруксат берди. Бирок ал ушул процесстин башы эле болгон окшойт.
Жакында эле Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү жеке колго берүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, менчиктештирүү процессине шарт түзүгө киришти. Кадыресе эле окуя го дейли десек, маселенин актуалдуулугун мамлекеттик мүлктүн масштабы эле көрсөтүп турат.
«Азаттыктан»: «Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдараак кабарлагандай, учурда кыргыз бийлигинин колунда 10 406 имарат, 15 022 курулмалар (сооружение), 434 курулуп бүтө элек объектилер, 366 жер участкалары, 7907 автотранспорттор, 2135 темир жол жана аба-суу транспорту, 78 385 материалдык эмес активдер, 784 090 техникалар жана жабдуулар бар. Бул мүлктөрдүн жалпы баланстык баасы акыркы жолу 83 млрд. сомдон ашык деп эсептелген. Бирок 2021-жылга карата инвентаризациялоо аяктаса бул сумма дагы өзгөрөт.
Мындан сырткары “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызкурал”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызкитеп” ишканалары, “Кара-Балта” спирт заводу, “Бишкек-Ош” жолундагы дирекция, «Кыргызгипрозем» долбоорлоо институту, Кара-Суудагы эң ири “Туратали” базары, пансионаттар, санаторийлер, үрөнчүлүк, балык чарба, асыл-тукум, пахта жана башка багыттагы заводдор баштаган 104 мамлекеттик ишкана бар. Мүлктүн бул түрүнүн жалпы наркы белгисиз.
Мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун саны болсо -38. Алардын белгилүүлөрү “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Кыргызтелеком”, “Айыл Банк”, “KICB Банк”, “РСК Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызалтын”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Улуттук энергохолдинг” компаниясы, “Айдаркен-сымап”, “Дастан-ТНК”, “Ош-Дюбек-тамеки”, “Кызыл-Кыя-тамеки”, “Кайыңды-кабель” заводдору, “Кыргызнефтегаз”, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Учкун”, “Найман ГЭС” ишканасы жана “Пирамида”, “ОшТВ” телеканалдары. Бул компаниялардын жалпы акциялары канча турары азырынча айтыла элек».
Менимче Маммүлк өзү деле бул маалыматтарды танбаса керек. Мындай шартта биринчиден, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн канчалык зарылдыгы бар деген суроо туулат. Себеби бир топтору кадимкидей эле пайда алып келип жаткан ишканалар. Кыйла бөлүгү стратегиялык мааниге ээ. Экинчиден бул процесс канчалык ачык жана мыйзамдуу жүрөрүнө да кепилдик жок. Эл арасында «кустуризация» деп аталып кеткен процесстен түшкөн акча тууралуу деле жетиштүү маалымат бериле элек. Канчасы мамлекетке түшүп, канчасынын тагдыры башкача чечилип жатканын эч ким билбейт.
Бир жылдын ичинде бүтүрүү планына караганда, бийлик башындагылар бир топ эле шашып атышат. Шайлоо тынч өтсө жакшы, тынч өтпөсө азыркы өкмөттүн колу менен деле негизги объектилерди керектүү колдорго чыгарып кетсе болот.
Бийликти шаштырган эмне себеп жана кандай күчтөр экени да азырынча бүдөмүк. Көңүл бура турган бир гана факт — жүргүнчүсү ким экени белгисиз болгон жеке менчик учактар «Манас» аэропортуна каттай баштаганы Болот Темировдун журналисттик иликтөөсүндө айтылды. Аэропорттун жетекчилиги эч кандай түшүндүрмө бергиси келбегенине караганда жашыра турган нерсеси бар. Ким келгени айырмасы деле жок, ниети жакшы адам жүзүн жашырбайт.
Ошондуктан коомчулук мамлекеттин тагдырын чечүүгө, анын алы-күчүн арттырууга же тескерисинче кемитүүгө тиешеси бар мындай нерселерге кылдаттык менен карап, сак болгону дурус. «Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат» дейт. Бирок ким кетип, ким калган күндө деле мамлекеттин мүлкү таланды болбой, элдин пайдасына иштегени жакшы…
Жыргалбек Касаболот
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс