Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / КАПСУЛАСЫ КӨП, «КАПУСТАСЫ» ЖОК ӨКМӨТ

КАПСУЛАСЫ КӨП, «КАПУСТАСЫ» ЖОК ӨКМӨТ

Кадырлуу элге калп айтпаш керек. Биздин жетекчилердин адашканы ушул жерде турат. Экономикалык абалыбызды эл да жакшы билет. Ошол үчүн унчукпай, үмүттүү карап, жаркыраган жарыкты күтөт. Ал эми кыргыз бийлиги көп учурда, көрүнүп эле турган, катып калган «майрык өтүгүн» маасыдай чоюп сулуу көрсөткүсү келет.

Кадырын калп эле, калп менен көтөргүсү келген кыргыз бийлигинин бир тобу урабадыбы. Демек, кыргызга өлүп баратсаң да калп айтпаш керек.
Ошонун азабы башкасын айтпаганда да, саясий туруксуздуктун кесепетин жаратууда. Электр энергиябыздын деле абалын жакшы билебиз. Ал жакта бааны көтөрүүгө чын эле муктаждык бар экенине карабай, тиешелүү министрлик болуп аткан фактыларды ачык айтып чечүүгө бел байлабай, башында баа көтөрүлөт деп бирди айтып, кайра ошол тариф калды деп бирди айтты. Эл түшүнүп койду. «Коомдук чыңалуудан көркушту» деди, түз эле. Көрүп турат да, Тажиктен сурап атканыбызды, күндө жарык өчүп жатканын. Мунун баарына быйылкы жылдагы кургакчылык, суунун тартыштыгы негизги себеп болууда. Бул жерде да бийликтин оркойгон каталары көрүнүп эле турду. Сууну ырааттуу пайдалана албай коюшту. Табияттан берилген тиешелүү сууга топук кылып, ошону дыйкандарга тегиз жеткирүү механизмин иштеп чыкканга жараган жок.
Жазында сууга кезек укмуш болду. 3 сотык жемиш чарбагыбызга суунун кезеги 1 ай 17 күн дегенде келди. Анын кесепетинен гүлдөгөн алмалардын көбү күбүлүп түштү. Бул менин жоготуум. Менин жоготуум, ал мамлекеттин жоготуусу. Ар нерсени айтып, ал жакта да алдамай менен эле алек.
Сууну мындайда туура жолун таап пайдаланса болоорун саргара күтүп, араң жетип суугарып жатканда түшүндүм. «Биз көп учурда, зарылчылыктын үстүнөн, иштин жолун таап изденбейт экенбиз»- деген ой келди. Болбосо, массалык сууга тартыштык болуп турганда «1 чарчы метр жер суу ичпей калбасын» деген жол көрсөткөн өкмөт башы, министр, аким, айыл өкмөтү болгон жок.
5 сотыкты айтпай эле коелу, 10 сотыктын 5 сотыгын өлтүрө суугарбасаң да, өлтүрүп албай турган кылып суугарганга 4 же 5 саатка 10 куб суу (эми бул шаар тегерегиндеги аймактарга карата айтып жатам) жакшы эле жетет экен.
Бирок, кезектин көп экенине, суунун тартыш экенине карабай ошол 5 же 10 сотык участокко кезеги келгенде эртең мененки 7ден, кийинки күндүн саат жетисине чейин суугарууга берип жатышты. Ал суулардын айрымдары ал жерден ашып ай талаага кетип атса, айрымдарын кийинки кошунасы буруп алды. Факт- сууга акча төлөп алып келген киши эле кезек күтүүдөн кетпесе, тиги саркындысына суугарып алган адам кезекте кала берди.
Эми ой келет да, ошону туура, тегиз жеткирүү үчүн алгачкы суугаттарды ысыкка алдырып койбош үчүн, ар бир участокко же айдоо жерлерге тиешелүү саат бөлүп, кезекти өткөрүп берүү механизмин киргизип койсо болот эле да. Канчалык кезек азайса, кийинкисине да жакшы болуп, кезек эрте жетмек. Маселен, 10 куб суу менен күнү-түнү эсептеп (48 саат аларга 8 сааттан) 1 күндө 5 участок суу ала турсун деген тартип киргизсе, учурунда тегиз суугарып калуу менен бирге үнөмдөө да болмок. Жок, алакандай участогунда аңкылдаган суу ар жака агып, таң атканча жатканы көп болбодубу.
Колунда турган, табияттын аз болсо да берген суусун туура тартип менен пайдалануунун жолун издебеген жетекчилер, аңкайып ак тоону карап, күл чачып агызып түшүш керек же күн жылып суу көбөйгөнчө күтүш керек деп турушпадыбы.
Кээ бири ар бир канал баштарын кыдырышты. Аны пресс кызматы «Асан Асанович күндө каналдарды кыдырууда»-дегенде күйбөдүкпү. Каналдарды кыдырып койгондон суу көбөйүп кетсе, аларды алып барып ошол жерлерге күнү-түнү байлап деле салат элек го! Бул да эл көзүн будамайламай, салттуу алдамай саясаты эле болду. Жол издебейт экенбиз.
Кыргызстандын 70%зы айылда турат. Ак үйдөн чыгып арыш аттасаң эле айылдарга анан айдоо аянттарга кирип кетесиң. Шаар деле жок. Демек, эл тирилиги, экономикабыз айылдардан турат деген эле сөз. Ошону тескеген Айыл чарба министрлигинин бар-жогу билинбейт. Жазда суугаттан аксап калды эле, аз түшүм алса да аны кымбатка сатып калсын деп абалын сураган министр жок. Бактыларына дүйнөлүк кризис болуп, баа асман чапчыганы мактаныч сезилип атса керек.
Күз аяктады, эмне эккенбиз, эмне алдык, эмне кылышыбыз керек эле деген өкмөттү да көргөн жокпуз. Жогорку Кеңешке келип Күз түшүмүн айтканы, аны сураганы да байкалбайт. Депутаттарыбыз «Рахмат» сөзүнүн тегерегинде жүрүшөт. Ач бала менен ток бала ойнобосуна ынанасың да…
Деги, Марипов кайда жүрөт? Даталуу күндөрдө пакет көтөрүп, сыпайы сүйлөп, сый тамактарда жүргөнүн эле көрүп калдык. Пиарщиктердин алдамчылыгы «мыкты» көрүнө берген коомдо, аларды туурап Марипов деле ошондой пиардан башы чыкпай калгандай. Айтсаң арман күү чалгандайсың, айтпасаң булардын аракети менен талаада калгыдайсың.
Өндүрүш деген болсо өлдү. Көз таппагандары бар акчаны кайдагы акча алып келбеген тармакка жумшап жатышат. Жол, жарыктандыруу, оңдомой, шыбамай. Жолу жыртылып, жарыгы өчүп бүттү.
Капсула эле салышат, «капустасы» көрүнбөйт. Айтор, алдап жалтырак көрүнө бергенден жадабадык.
Кыш босогосун аттадык. Эшикте кар. Күз түшүмүнөн отчету жок дудук болуп, кыш камына өтүп кеттик. Көмүр баасында дагы алдамай.
«Кыргызкөмүр» жетекчиси айтып жатат:
-Көмүр жок эмес, бар. Кымбаттабайт. Кара-Кече көмүрүп жеринде тоннасы 1130 сомдон сатылып, борбордо 3330 сомдон сатылып жатат-дегендей. Ошол баада сатып алган кыргыз болсо айтсынчы. Көмүрдүн 1 тоннасы 4500 сомдон сатылганына 1 айдын жүзү болду. Азыр базаларда көмүр жок. Түшкөнүн түшкөндөй талап жатат. Ар жерде мешогун көтөрүп кезек күткөнү андан көп. Жакыпов калпты айтып карап отурат. Бааны көзөмөлдөгөн бир кызмат жок. Алып келгендердин каалаганына коюп койдук. Биз эл салыгынан кызмат аркалаган, бирдиктүү системалуу өнүгүүнүн жолун издеген мамлекет болобузбу же калп көрсөткүчтөр менен жылтырап жыл санап чөгө берген өлкөгөн айланабызбы?
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс