Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Кыргызстан / Ж. Сааданбеков: Мамлекеттин саясатындагы жаңы тенденциялар жөнүндө

Ж. Сааданбеков: Мамлекеттин саясатындагы жаңы тенденциялар жөнүндө

1. Бизге 30 жыл үстөмдүк кылып келген либерализмдин түп тутаар парадигмасы – улуттук мамлекет бара бара жоголушу, өлүшү болуп саналат. Адамзат бир гана гегемонго, глобалдык империализмдин ордосу АКШ баштаган «алтын миллиардын» бир ууч өлкөлөрүнө баш ийиши тийиш.
Кыргызстандын өткөн 30 жылдык тагдыры буга күбө. Ушул жылдарда мамлекеттик менчик эле эмес, улуттук мамлекет өзү да олигархиялык – бюрократиялык бийликтин менчигине айланып калган эле. Өлкөдө жаңы Конституциянын негизинде президенттик башкаруунун орношу улуттук мамлекетти кайра өз ордуна алып келди. Анын бирден бир ыйык милдети өзүн тузактап турган либералдык коомдук – саясий формациядан арылышы керек эле. Бул процесс коррупцияга каршы күрөш аркылуу башталып, азыр, сөздүн позитивдүү маанисинде, социалдык революцияга айланып бара жатат. Бул процесс биздин саясий турмушубуздагы фундаменталдуу жаңылык.
Эми ишти аягына чыгаруу керек. Алып айтсак, налог салуунун прогрессивдүү системасы, ашкере бардарчылыкка (роскошь) жана капиталды тышка чыгарып кеткендерге закондуу талаптар коюлуу зарыл. Чет өлкөлөрдө курулган жана сатып алынган кыймылсыз мүлктүн, офшордо иштеген компаниялардын жана ошол өлкөлөрдө мурда катылган акчалардын, дүнүйө мүлктүн бети ачыла элек. Мунун негизги себептеринин бири – ушул маселелерди козгоп, ишке киргизүүчү жерлерде дагы эле ошол байлыктардын ээлери олтурат.
2. Мамлекетибиз дагы бир теңдешсиз оор күрөштү – «үчүнчү колониализмге» каршы күрөштү баштады. Кеп «Кумтөр» алтын кен ишканасына өз алдынча башкаруу киргизилгендиги жөнүндө болуп жатат. Батыштын («алтын миллиарддын») глобализми өз пайдасына, чет жакалардагы майда – чүйдө өлкөлөрдөн, материалдык жана финансы ресурстарын ар кандай аферисттик, алдамчылык жолдор менен алып чыгып кетүүнү азыр «үчүнчү колониализм» деп атайт экен. Жакында Кыргызстанга келип кеткен Англиялык мультимиллиардер, КГБнын мурдагы кызматкери Лебедев: «25 жыл Кумтөр» алтын кенин казып алуудан 12 млрд доллар киреше түшсө, ошонун бир нече миллиону гана Кыргызстанга тийген. «Үчүнчү колониализмдин» жүзү каралыгы ушундай» — деп жазды.
Ошентип, Кыргызстан, бир эле учурда, либералдык капитализмдин тышкы да, ички да «каракчылыгына» каршы элдешсиз күрөшкө аттанды. Мамалекеттин өлүмү же өмүрү менен өлчөнүүчү күрөшкө десек да болот. «Кумтөр» боюнча алдыда эл аралык арбитраждык соттордо чоң салгылашуулар күтүлүүдө.
3. Өткөн кылымдын 90-жылдарында социализм менен коштошконбуз. Бүгүн болсо, олигарх – бюрократиялык либералдык формация менен коштошуп жатабыз. Азыр С.Жапаров башкарып жаткан фактически жаңы мамлекеттин жаңыча өнүгүү модели кандай болот – кечикпей бүгүн аныктай турган стратегиялык милдет ушундай. Кудайга шүгүр, элибиз рынок экономикасын өздөштүрүп алды. Анын үстүнө азыр бизнесмендерге чоң жеңилдиктер берилди. Натыйжада, өткөн жарым жылда эле экономикабызга түшкөн инвестициялар 95,5% пайызга өскөн. Эгер Ташиев айткан «Күмтөрдөн эки айда эле түшкөн 90 млн доллар чын болсо, бу фантастикага тете жаңылык эмей эмине!
Эми ушул рыноктун ийгиликтерине социализмдин жакшы жактарын шөкөттөп кийирүү зарыл. Баарыдан мурда, социализмдин түп тутаар баалуулугу – социалдык адилеттүүлүк (социальная справедливость) үчүн күрөшүү керек. Элибиздин турмушуна, кан-жанына сиңип калган социалдык коргонуу жана камсыздоо системасы, акысыз билим берүү жана саламттыкты сактоо ж.б. кайрадан жанданышы шарт. Өндүрүш көбүн эсе рыноктук болуп, — кирешени бөлүштүрүү социалисттик болушу тийиш.
Кытайдыкы эле эмес, азыркы Индиянын жана Индокытай өлкөлөрүнүн, Россия менен Казахстандын тажырыйбалары көрсөткөндөй, социализмдин жана капитализмдин жакшы жактарын алып пайдаланым, жаман жактарын ыргытып таштоо экен. Муну мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнүн конвергенциялык модели деп аталат.
Дүйнөлүк экономиканын экинчи эшелонунда турган 90 пайыз өлкөлөр ушул моделди колдонот. Азыр калкынын саны боюнча да, ички дүң продукцинын (ИДП) көлөмү боюнча да булар алдыга чыгышты. Азыр алар социалдык – экономикалык өнүгүүнүн темпи боюнча 1-чи эшелондогу АКШ баштаган монетаристтик экономикалуу өлкөлөрдөн 2-3 эсе алдыда келе жатышат.
Азырынча бизде жүрүп жаткан практикалык иштер, айрыкча социалдык багытта, ушул конвергенция жол менен баратат. Ан үчүн биз президентибиздин интуициясына рахмат дейли. А Эйнштейн айткандай «Интуиция (көкүрөк сезим) адамга буюрган ыйык тартуу, а акыл-эс болсо ага кыңк этпей баш ийген кызматчысы гана». Акыл-эс сферасын биздеги илим-билим системасы камтып турса, эмне үчүн ушул күнгө чейин жандуу турмуштагы президент жүргүзүп жаткан конвергенттик процесстерине Илимдек академиясынын жана тармактык институттардын экономика секторлору кайдигер карап олтурушат. Кыскасы жаңы экономикалык процестердин илимий негизде тастыктап, аткаруу бийлигин куралдандыруу, илимпоздордун, айрыкча экономисттердин милдети.
4. Дагы, бир маанилүү жаңылык — тышкы саясатта мамлекетибиз кыска мөнөттүн ичинде эч кимди ээрчибей, өз алдынча, чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. С.Жапаровдун Душанбеде Жамааттык Коопсуздук уюмунда сүйлөгөн сөзү тарыхий маанидеги сөз болду. Бирөөлөрдүн эгоисттик кызыкчылыгына гана иштейбизби же ар бирибиз коопсуз болгон механизмдерди табабызбы – сөздүн маңызы ушундай. Чын-чынында, биздин тышкы чек ара Кытай менен гана чектелет. Агрессия шериктеш кошуна тараптан болуп жатпайбы. Афганистанга дипломатиялык жүрүш да арканды алыска таштаган саясат болду.
Жасалып жаткан иштерди, айрыкча президенттин иштерин мамлекеттин пропаганда, идеология системасы элге кеңири, даана көрсөтө албай, чачыранды иштеп жатат. Биз азыр президенттик республикабыз. Ошондуктан президенттин жеке авторитети – бул мамлекеттин авторитети. С.Жапаров бир жыл да толук иштей элек, бирок кандай гана жаалданган асылуулар, кара өзгөй ушактар жамгырдай нөшөрлөп жатат. Бирок, бизде президентти фейктерден коргоо системасы жок, аракеттер чачыранды болуп жатат. Карагылачы, Россиядагы «Москва. Кремль. Путин» деген жумасына 4 жолу ТВден көрсөтүлүп жаткан программаларды. Президенттин иштерин, жарлыктарын, баскан – турганын кандай кылдаттык менен, культка айландырбай көрсөтүп жатышат. ТВде ушундай программалар жаңыдан пайда болуусу үчүн, таланттуу кадрларды чукул арада топтоо зарыл. Кеткен президенттер менен иштешкен деп, нечен бир талаттуу журналисттер сыртта калды. Аларды кайра кайтарып, пайдаланалы.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс