Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Аналитика / Саал түзүгүрөөк болбойлубу?

Саал түзүгүрөөк болбойлубу?

Бу кысталак, куттуктоо айтканды да «платный» кылып койсо жакшы болот беле деп калдым. Себеби майрам сайын эле ооз учу менен куттуктагандар күйгүздү. Билип эле турасың да ким чын дилден куттуктайт, ким кызыкчылык үчүн куттуктайт, ал эми ким неге куттуктап жатканын билбей эле куттуктай берет…

Бир майрам болуп калса куттукташып киргенде карап туруп, көөдөнү кең ак жүрөк кыргызга толо турбайбы өлкөбүз деп ишенип кеткиң келет гоо… Куттуктаган бекер да ушу. «Сени куттуктайм, аны да куттуктайм, анын тааныштарын да куттуктайм, жамы журтту куттуктайм…» деген жүрөктөн чыкпаган сөздөрдү көрүп…
Жок эле дегенде багытталган ар бир куттуктоо үчүн бир сом салык болсо кана! Бул жолу «Мен барыңыздарды сүйөм, баарыңыздарды куттуктайм!» деген сөздүн төлөмү 6,5 млн сомго жетип кеткендиктен этият болуп калмакпызбы дейм.
Чоң жалганчылар кимдер?
Заман өзгөргөн окшойт, чамамда. Антпесе бир күн келип «Урматтуу кыргыз элим!» деп сөзгө баштагандардын эң чоң жалганчылар экендиги миң уктасак түшкө кирмек эмес да. Ооба, ошону айтып жатам. Учурда, жеке пикиримде, эң чоң жалгандар, кыйратуучу кыянаттыктар трибуналарда «Урматтуу кыргыз элим!» деген кайрылуу менен башталып жаткандай… Буга «Карапайым эл, элдин кызыкчылыгы, элге кызмат, жардам берүү…»,- деген сөздөр да кошулду окшойт… Кимдин оюна келди эле бир күн келип ушул сөздөрдү жаман көрүп калат окшойбуз деп?..
Демейде, бүгүн майлуу креслолордун көчүк которгонуна бир жыл толуптур. Дүйнөлүк практикадан артта калбай, бул сыяктуу окуялар бизде деле төбөлдөр үчүн «тортту кайрадан бөлүшүү» деген мааниге ээ, ал эми калың катмар үчүн б.а. ооз учу менен утуру урматталган «Кыргыз эли» үчүн болсо ошол торт кесилип жатканда көбүрөөк күкүм түшүп кетээрине «үмүт» арткан күн окшойт…
Мына бүгүн «Үмүт ыңкылабы» деп эскерип, буга расмий макам берилиш керектигин айтып, бир мааниде бир жыл мурдакы окуяга маани беримиш болуп, аны көңүл чордонубузга түйгөн киши болуп жатабыз. Менимче, бул деле жалган. «Үмүт» бизди, биздин коомду кечирсин! Анткени биз аны эртең эле унутабыз…
Бүгүнгө чейин мени таң калтырган кээ бир окуяларды кээде козгоп келем. Мисалга, Дачасууда учак кулап канча адам кырылды? Мындан сырткары айтылуу аткезичилик менен киммдер байып келген? Буга чейинки ыныкылапта өлүп кеткендерчи? Кой Ташта бир эр азамат окко учпадыбы? Бүгүн Айзаданы эстегендер канчөө калды? Дагы деле Баткендеги окуяда окко учкандар үчүн жүрөк зыркылдап жатабы?
Маселе аларды жыл сайын эскерип, мазарына барып гүл кюшта эмес. Маселе мына ушул окуялардан сабак алып, мындай чабалдыкка жол берилбегидей кылып чара көрүүдө эле да!.. Биз муну кылдыкпы? Жок! Биз калпеле эстемиш, ыйламыш, көңүл айтымыш болдук. Болгондо да «Урматтуу кыргыз элим!» деп туруп кылып келе жатабыз мындай жасалмалуулукту…
Мугалимге болгон сүйүү
Мугалимдер күнү деп жеңил куттуктоолордон жүдөгүдөй болдук окшойт. Жөн жайда салам бергиң келбеген киши деле куттуктап жаткан, такыр «окуу, билим, агартуу» деген нерселерге жанашпаган дөдөйү деле куттуктап жаткан… Анан мугалимдерибиз да ага жооп берип коюш керек деп убара болуп жаткан.. Кимге кереги бар эле ушунун?
Булар да жалган анткени. Мугалимге смс, вотсап же «бекер минуталарды» коротуп куттуктаганды коюш керек. Ошол очоюп олтуруп ФБдан же ЖМКдан «звездаа» болуп куттуктагандардын көпчүлүгү акча, пул коротуп куттукта десең артын карабай качса керек. Чындап мугалимди жакшы көргөндүгүбүздү иш жүзүндө көрсөтө алдыкпы? Мисалы алардын жашоо стандартын көтөрүү үчүн алгылыктуу кадам таштай алдыкпы?
Өткөндө Орхан Инанды жоголуп кеткенде, дароо мугалимди төбөгө көтөргөн коом болуп чыга келдик эле. Макул, бир киши да болсо ал бир адам, ал үчүн күйгөн өтө орундуу. Бирок, биздин өлкөдө Орхан мырзанын тагдырынан дагы оор шарттарда өмүр бою иштеп, жашап келген ошончо мугалим бар. Ошолор үчүн да жүрөк зыркылдатпагандыгыңызга кандай баа бересиз? Мен билем ал кишинин мектебине байлар балдарын окутат. Мындан келди, Орхон мырзанын мектебине барган балдар үчүн соңку моделдеги телефон көтөрүү, кымбат темир тулпарлар менен каттоо катардагы нерсе… Ошол мектепке уул-кызын берген кишилер таасирдүү адамдар! Сиздер биздин өлкөнүн, өзүбүздүн мугалимдер үчүн да күйөсүздөрбү? Мисалы алардын айлык акысын көтөрүү үчүн маселе көтөрдүңүзбү эч? Макул, мен жалгызмын десеңиз, сиз балаңызга карматкан телефондун баасына биздин өлкөдөгү мугалимдер айлап иштешет… Мисалы, колундагы кымбат телефондун акчасын, жакыныңыздагы мугалимге колдоо иретинде бере алат белеңиз?..
Кыскасы, «Урматтуу мугалимдер! Бүгүнкү майрамыңыздар менен чүн жүрөктөн куттуктайм!» деген да жалган… Унутпа, чын жүрөктөн куттукташ үчүн алгач сенде «жүрөк» болуш керек… Б.а. көөдөн, көңүл, абийир болуш керек. Мына ушулар болгондо гана, чындап аларга күйгөндө гана аларды соцтармакта куттуктаганга моралдык укук болмок!
Не дейбиз эми?
Кыскасы ушул куттуктоолорду, көңүл айтууларды да салыкка байлап койсо жасалмалуулук саал азаят беле дейм. Өзгөчө саясий аренадагы кишилер, майрам же эскерүү сыяктуу бир өзгөчө күн боло калганда элге элге күйгөн киши болуп тойгузду. Төлөмгө байласа «Мен аны куттуктаган-муттуктаган жокмун, мен ал жердеги залдагыларды эле куттуктасам силер болсо залдын сыртындагыларды да куттуктады деп көп акча алып койдуңар, кой аларды өткөндө эле куттуктагам, бир жылда бир куттуктаган жетет, азыр именной 10-15 эле кишини куттуктап турайынчы…» дегенге окшогон жандуу комедиялар да чыгып турат беле…
Жаман жагы, коомдук пикир, деңгээл ушуга ылайык болгондуктан, ушунчалык абсурд жалганга коом ишенип аларга ыктап, көңүл берип бараткандыгында. Аларды лидер кылып шайлап, төбөгө көтөрүп алып, өзүбүздүн келечекке балта чаап жаткандыкта болуп жатпайбы?
Бир мисал, учурда Жапыкеев менен Мамыткановду көргөндөр барбы?.. Демогогияга б.а. элдин сезимдерин андан пайдаануу максатында сылагандарга алдануу ушуга алып келет да…
Андыктан, алгач билим-деңээл жогорулашы керек. Эгер кандайдыр бир бийлик, саясатчы билим деңгээлдин жогорулашына билек түрбөсө, мага десе таң аткыча «Урматтуу кыргыз элим!» десин, ал эки жүздүү жана чоң жалганчы!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс