Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Досье / Дин ишмерлеринин жаңылыш багыттары

Дин ишмерлеринин жаңылыш багыттары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биздин өлкөдө диний билими бар деген сөз — күнүмдүк турмуштагы майда-барат маселелерге карата «болот же болбойт» деп өкүм берүү менен гана чектелип тургандай. Негизи дүйнө жүзүндө ушундай абал десек болот. Дегеним, аалым деп аталган киши диний талаптар менен учурдун илимий жетишкендиктерин, учурдун талаптарын кынтыксыз айкалыштыра билиш керек болчу.

Бизде аалым же диний лидер деп аталып жүргөн кишилердин орток өзгөчөлүгү – сезимтал диний сукбаттарды өткөрүп, күнүмдүк турмуштук суроолорго шарияттык негизде жооп берүү менен эле чектелип жаткандыгы.

Ачыгын айтканда, диний сукбаттарда турмуштук көйгөйлөргө жооп издеген суроолор көп келет. Ал жерде чындыгында турмуштук мааниге ээ суроо-жооптор деле болору чын. Бирок реалдуу турмушка такыр тиешеси жок суроолор дагы болот.

Мисалы, «Кыямат качан болот? Кыяматта асмандан Иса пайгамбар түшөбү? Түшсө кантип түшөт? Кантип дуба кылса канча сооп болот? Намазда турганда эки бутунун аралыгы бир аз чоңураак ачылып кетсе эмне болот?» дегенге окшогон суроолор.

Негизи бул сыяктуу темалардын реалдуу жашоого түздөн-түз таасири тийбейт. Башкача айтканда, кишинин диний жашоосунда чоң деле мааниге ээ эмес. Диндин эң башкы максаты – адамды адеп-ахлактуу кылып чыңдоо деп эсептей турган болсок, бул айтылган маселелердин мындай улуу максатка такыр кызмат кылбагандыгы даана көрүнүп калат.

Мындан сырткары, бул суроолор конкреттүү эмес абстракттуу маселелер болгондуктан өтө көп талаш-тартыш, түшүнүктөрдү камтыйт. Андыктан мындай темалардын мечиттерде көп айтылышы, катардагы карапайым элдин мээсин бул сыяктуу тузу жок маселелер менен убара кылуу максатка ылайыктуу эмес.

Бул учурда «Анда эмне үчүн биздин диний сукбаттар мындай темаларга малынып калган?» деген суроо чыгышы мүмкүн. Жогоруда белгилеп өткөндөй, бул диний ишмердүүлүгүбүздөгү каталардын бири болду. Анткени, молдо Кудайга байланыштырып, диндин маанилүү принциби катары мындай темаларды айта бербесе, карапайым калк деле ошого карап диний көз карашы калыптанып кете бермек.

Жамаат мечитке молдону укканы барат эмеспи. Оболу диний лидерлер диний принциптердин түпкүр максатын түшүнүшү керек эле. Ансыз жогорудагыдай беймаза майда барат деталдарга белчесинен батып, багытын жоготуп коюшу турган кеп. Диний лидерлер «Диндин эң негизги максаты – адамды адептүүлүккө үндөө!» деген эле негизги нерсени түшүнүп алса, баш-аягы жок беймаани темаларга кирип кетип кыйналмак эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.

Дагы караңыз

Кыз баланын билим алуусуна исламдын мамилеси

Илимден да өткөн ыйык критерий барбы?

Өлкөбүздөгү диний ишмердүүлүктүн жаңылыштыктарынан дагы бири – элдин баам-парасат компасын багытын жоготтуруп койгондугунда. Бирде Орусиядан бир досум жазыптыр: «Шахмат ойносо болобу же болбойбу шариятта?»,-деп. Негизи ушуга окшогон темада Курандын же пайгамбардын жашоосун аңтар-теңтер кылып далил издөөнүн кереги эмне? «Зыяны тийсе ойнобош керек, тийбесе же пайдалуу болсо ойной бериш керек» деп эле коюш керек да. Анан мен да тамашалап:

-Ой досум, бул кетиште жакында нан жесе болобу же болбойбу? деп деле сурайт окшойсуңар,-дегем.

Буга окшогон мисалдар толтура да. Ыраматылык Чубак ажыга деле түн бир маалда телефон чалып алып: «Ажыке үйгө жаңы көчүп жайгашып аттык эле. Кийим илгичти кире бериштин оң жагына кагалыбы же сол жагынабы?» деген суроолор да келчү экен.

«Кошунам менен урушуп кеттим эле. Эмне кылсам болот?», «Шыпыргыны дубалга жөлөп койсо эмне болот?» дегенге окшогон маанидеги суроолор булардын катарын толуктап келет.

Фейсбукта кыргызча таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.

Дагы караңыз

Диний аң-сезим – диний күндемди белгилейт!

Түркияда да бир канча ушул стилде диний сукбаттарды кылып жүргөн кишилер бар. Бул жагдай акыры барып, шылдыңдоого чейин жетип кеткен учурлар кездешет. Мисалга, чоң телеканалга чыгып элден келген суроолорго жооп берип программа жасаган динаятчылар бар. Аларга: «Мен сүйгөнүмө жетейин деп дуба кылып жатам. Бирок ал башка бирөөнү сүйөт. Ал дагы өзүнүн сүйгөнүнө жетейин деп дуба кылып жатат (мени карабай). Кимдин дубасы кабыл болот ошондо?», «Өткөндө футбол ойноп жатсак, мен тепкен бир голду судья эсептебей койду офсайт болду деп, чындыгында мен офсайтка түшкөн эмес элем. Ошол судья акыретте ушул күнөөсүнөн улам кандай жазага кабылат? Шариятта бул тууралуу эмне деп айтылган?» деген суроолор да келип турат.

Мындай суроо же шылдыңдоо максатында берилет же болбосо чындыгында деңгээл ушуга түшүп кеткенде берилет. Эки абал тең биринен бири өтүп кейиштүү.

Бул жакта кандайдыр бир жамаатка кирип кеткен үй-бүлөдө чоңойгон кыз фармацевтика факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, дарыкана ачмак болуптур. Түркияда айтылуу факультетти ийгиликтүү аякташ оңой эмес. Окуяны мага айтып келген студент:

-Бул үчүн жанагы шейхке (жамааттын лидери) келип, уруксат сураптыр. Шейхтин жардамчысы маселени угуп шейх тарапка кирип кетип чыккыча эшикте толкунданган кебетесин бир көрсөң эми…Бир маалда жанагы киши жылмайып чыгып, «Шейхибиз, дарыкана ачса пайдалуу болот деди» десе жанагы кыз сүйүнүчүнөн ыйлап жибергидей болду.

Оогандык качкындар ымыркайын америкалык аскерлерге эвакуация үчүн берип жатат. Кабул. Август, 2021-жыл.

Дагы караңыз

Караңгы эл кайгыдан арылбайт

Булар эмнеден кабар берет? Булар ажыкелер, молдокелер, диний лидерлердин диний ишмердүүлүктү туура жүргүзүп кете албагандыгынан кабар берет. Дегеним, диний саясатыбызда акылдын, рационалдуулуктун орду өтө азайып кетти. Буга бир мисал катары, кээ бир диний лидерлердин «Динди акылга салсаң адашасың. Андыктан диний буйруктарды акылга салган болбойт» деген сөздөрүн жана бул түшүнүктүн аларды муюп угуп отурган калың катмарга терең сиңип кеткенин айтуу мүмкүн.

Кудайды каардуу, пендесин жазалаганга шылтоо таппай турган бир зат катары таанытып алгандыгы да буга кошумча болду. Кандайдыр бир нерсе кылаарда акылы жетип турган менен молдокеден сурабай кадам таштап, жаңылып калса Кудай аны жалпайта сала тургандай түшүнүк ээлик кылып кетти. Кызыгы, мунун жанында Куранда баяндалган «Кудайдын мээримдүүлүгү, боорукерлиги, эң негизгиси даанышмандыгы» туурасында жетиштүү кеп болбой келет.

Дал ошол себептүү акыл парасаты менен эң туура деп билген нерсесин да молдодон, ажыкеден сурай берчү болуп калды. Кызыгы, акылы жетип турса да ажыке тетирисин айтса, тетири бурула турган абалга жетип калган кишилердин да көбөйүп бараткандыгында.

Менин жеке баамымда, молдокелер «Оой жамаат, шарият боюнча ар ким өзүнүн акыл парасаты менен көп нерсени байкап, баамдап алуусу керек. Бир аз татаалыраак маселе болсо келгиле, билгенибизче айтып берели. Бардык нерсени эле бизден сурай берип бизди көкөлөтүп ийбегиле…Туурасы ушул!» деп койсо кыйла иштери жеңил болмок.

Бирок бул учурда молдокелерди ээрчиген катмар жукарып, мугалимди, билимдүүнү ээрчигендердин катары калыңдай баштары анык. Биздеги диний саясат мындай асыл-нарктуу кадамга барабы же напсиге жеңилип тим эле коёбу, көрө жатарбыз.

Бир сөз менен айтканда, диний лидерлер илимдин, логиканын сыртында да туура менен туура эмести айырмалап билдирип турган кандайдыр бир «Кудайдан келген» критерийлер бар экендигине, ошол критерийлерге диний кишилерде гана кечит бар экендигине карапайым элди ишендирип алды. Биз бул жерде сөз кылып жаткан жагдай так мына ушундан улам гана!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт.

https://www.azattyk.org/a/din-ishmerlerinin-zhangylysh-bagyttary/31478756.html?fbclid=IwAR2S-OGsszzZobwSen3XZbVYJkYmupN6RFxnKcu7yZZ-2CyMMQSa8oJZ6Ck

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс