Понедельник , 29-Ноябрь 2021

АКЧА

Болгону кагаз, кылдырап.

Алдында баарын кул кылат.
Напсисин бузуп адамдын,
Ылайлап пейлин, буй кылат.
Жогору наркы ыймандан,
Жалтактап турат сый да андан.
Акчасыз адам бул күндө
Абийирсиз жандай, булганган.
Акылдан озуп кадыры,
Абийирден ашты арымы.
Айрымдар үчүн акчанын
Айдан да тунук жарыгы.
Билимден күчтүү билеги,
Билбейм деп айтат ким эми?
Бирөө үчүн бүгүн акчанын
Күндөн да ысык илеби.
Артынан баары жүгүрөт,
Акча деп чуркап жан үрөп.
Шааниси тойдун бата эмес,
Мааниси тойдун “конверт”.
Арааны жанды чочутат,
Алдынан чуркап тосушат.
Арбактан мурда айрымдар
Акча үчүн куран окутат.
Өлтүрүп алтын күндөрдү эй,
Өмүрдүн баркын бир билбей.
Акча деп жүрүп адамдар
Жашоого калат үлгүрбөй…
05.10.2021-ж.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс