• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Сулуулардын конкурсун өткөрүп байыган Рысгүл Намазбекова деген ким?

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2021

Билген журналисттер жазгыла! Балким адал иштеген жакшы адамдыр…

Ал кадимки социалдык түйүндөрдө инстаграмда «Бьюти Кыргызстан» деген акаунту бар, акыркы эки үч жылда өзгөчө атагы чыккан, шоу моу уюштуруп акча таап жүргөн бир жаш кыз. Рысгүл жакында 30-сентябрь күнү «Мисс -Кыргызстан 2021» аталыштагы конкурстун финалдык конкурсун жыйынтыктады. Ага кимдер катышты!? Ооба, сулуу, ишенчээк, жашы 18ге жете элек, акыл көрөңгөсү инстаграмдан ашпаган, бото көз, эне сүтү оозунан кете элек кыргызымдын 15,16,17 жаштагы кыздары, (эң улуусу 29 жашта болгон). Кастингге катышкан кыздардын арасында ата-энеси жок кыз да болгон… Энелери эптеп акча таап, намыс үчүн сүрөшкөн. Себеби өтө берилип ишенишкен!
Идея итте жок болгон үчүн мындай коммерциялык максаттагы, шаблонго айланган конкурсту өткөрүү тим эле жагымдуу деңизчи! Азыркы экономикалык оор учурда шаңдуу жашаганга не жетсин! (( Кеп анда эмес экен! Акча табуу же кыздардын ар биринин алтын башынан акча жазоо максаты жогору экен, керек болсо адамкерчиликти жыйыштырып коюп, алдоо, алдамчылык уурулук десем ашык болбос! Бул жорукту афёра дейби достор. Өзүңөр таразалагыла!?
Конкурстун тандоо туру август айынан башталып, аягына чейин акча жана акча! Биринчи тандоо туру кастингге 300 кыз катышкан, анын ичинен иргелип отуруп 80 кыз калган, аларды иргеп отуруп, акыркы финалга 31 кыз чыккан!
Тандоо турунан финалга өткөн 31 кыздын баштарын айлантып, ар биринен акча жазап жүрүп отурган! Кантип? «Кечигип келдиң келе 3 миң, 5 миң, 10 миң» деп сурай берген, кыздар бере берген! Кыздарды түнкү саат 3дө да репитицияга чакырган күндөр болгон, кээ бир учурда кыздар ачка, тамак ичпей жүрө беришкен. Коопсуздук жагын айтпадым! Ал аз келгенсип, кыздарды «реалити шоу» демиш болуп, ага өзүнчө акча алган, кыздарды ондон бөлүп көчөгө чыгарып «кайыр суратып» жетим балдар үйүнө деп акча чогулттурган. Кыздардын алды бир күндө 30 миңге чейин акча чогултуп беришкен! Бир күнү жылаңач купальник менен бассейнге алып барып, фото сессия, видеого тарткан, ал үчүн да 3500 сомдон сураган. Видео ролик тарттырыш керек ансыз болбойт деп, 3,4 минуталык видеону 600 доллардан тарттырышкан…. Конкурстун талабы ушундай болгон окшойт сыягы!(
Дагы тактай кетсем, даярдыктардын учурунда, ар бир репетицияга кечигип келген кыздардан 1000 сомдон, келбей койгон үчүн 10 миңге чейин штраф катары алып турган.
Конкурстун финалдык бөлүгүндө жеңиш кимдики болору деле белгилүү болгон! Гран прини жеңген кызга 400 миң беришкен, анын 30 пайызын кармап калам дептир!? (байдын кызы экен) Калган 2 кызга Дубайга путевка, аны береерин Кудай билет. Аны деле өздөрү төлөп барышса керек. Ой бул бери эле жагы деп чырылдады энелер! «4 эле кыздан ар биринен 100 миңден алып, 400 миң пайда таап алган» Жалпак тилде айтканда шапкага, шапка кийгизип отурган. Калган кыздарга косметика, ич кийим майда-чүйдө берип жайлаган! Ал эми биринчини алган кызга убада кылгандай эч нерсе берген эмес!
Кыстырма, ушул эле Рысгүл Намазбекова, былтыр да конкурс өткөрүп финалда… ( Лаззат Нургожоевна былтыркы Рысгулдун конкурсунда гран прини алган кыз. Бул биздин президентибиз Садыр авамдын тууганы. Демек Рыскул кимге таянып конкурс өткөрүп жүргөн деген суроо туулат) Билгендер пикирде билдире кеткиле!?
Кайтып келсек, финалга «Мерседес» унаасы жана акчалай сыйлыктар болот деп убада кылган. Бул рекламасында турат! Тилекке каршы андай болгон эмес. Адаттагыдай финалда жеңүүчү болгон кызга албетте сатып беришти да? Адилеттүү өткөн конкурс экен дейсиздерби!? Мына ушунун баарын конкурска катышкан кыздардын ата-энелери чыркырап айтып отурушат!
Ай анда эмнеге катыштыңар, эмнеге чабылдыңар дедим!? — Честный болот, жюрилер тим эле калыстыкты какылдаткан болот деп, убада кылган дешти. Дагы бир жолу баса белгилей кетейин, Финалдык конкурста биринчи орунду алган кызга убада кылынган акчасы да жок, Мерседеси да жок! Путевкасы да жок! Берилген эмес! «Эми титул үчүн да титул керек да» деп мойнуна кызыл лентаны илишип кетиришкен экен. Ар бир кыздын конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымы, ушул кризист заманда 200-300 миң сомго чейин жумшалган. Ой анда биздин эл бай турбайбы. Мындай конкурска жылаңач шыйрак менен катыша албайт экенсиң да!
Эми жюрилер кимдер болгон?
Гүлшан Молдоева
Турат Касымбеков
Расул кызы Айгерим
Арзубек дизайнер
Юлия Руцкая
Урматтуу Рысгүл, сиз аферистка эмессизби!??? Сизди ушинтип конкурсттарды өткөрүп үйлөрдү алып койгон деген ушак кептер чынбы? Бул адамга жакса да Кудайга жакпайт! Ушул жазылган маалыматтар ата-энелердин үнү, муңу, көз жашы! Мунун баары жалган десеңиз ачыктап бериңиз! Эмдиги жылы да ушул афераңыз кайталанбайбы??? Чындык издеген секелек кыздардын ата-энелерине жооп берип коюңуз!
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс