• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

Чекит кое турган сөз

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2021

Факт- идея, концепция , пиар, долбоор, демилге, сценарий Элнура Кулуеваныкы. Аны Дана Абдыбекова жакшы билет.

2. «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикменин астында жасалган долбоорлор.
3. Өнөктөштүктүн эрежесинин мыйзамына ылайык , абийир сотунун алдында «Кыргыз тилектештиги » коомдук бирикмесинин алдында ушул күнгө чейин бир да долбоорду жасаган жокмун. Адамдык паспулаттын астында идеялардын автору болсом да өнөктөштүк токтогондон кийин долбоорлорду улаган жокмун. Бул кадам эреже жана долбоорго болгон сый -урмат.
4. Бирөөнүн идеясын өзүнө таандык кылып алуучулук бул баардык жерде пастык катары каралат.
5. «Идея итте да жок»- деген сөз турмуш чындыгында мен үчүн далилденди. Ушул эле жетиштүү.
6. Бул долбоорго мен үчүн эң ыйыктын ыйыгы болгон ата-энем катышкан. Мага ошон үчүн бул долбоор улук.
7. Үй бүлө институтун бекемдөөгө араналган чоң идея болгон.
9. «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикменин негиздөөчүсү Э.Кулуева ,Жамалбек Ырсалиев (кагаз жүзүндө расмий бекилген)
10 . Долбоорлордун көпчүлүгүн Э.Кулуева, Дана Абдыбекова , Жамалбек Ырсалиев менен биргеликте ишке ашырышкан. Дагы көптөгөн кесиптештерибиз өз колдоолорун көрсөткөн.
Башка сөз жок. Бир гана суроо туулат идея кимдики? Ага жооп ушул. Идея болбосо эч нерсе башталбайт. Сөз менен идея дайыма биринчи. Аны белгилеп коюш керек. Азыр чоң стратегия, долбоор менен алек болуп жатам. Эң башкысы улут үчүн көп нерсе жасала берсин. Бири-бирибизди сыйлайлы. Өткөн чак ал тарых. Аны эч ким чие албайт. Баарыңыздарга рахмат.
Ушул идеялардын авторумун.
1.»Супарада 200 ак элечек апалар»
2.»7 дубандан жети казан сүмөлөк» ,
3.»Жыл жаңыргы»
4. » 1000 ак элечек апалар» «
5. «Сулайман -Тоодо ак элечек апалар» ,
6. » Ак кемеде ак элечек апалар» ,
7. «Алтын жылдагы алтын кадамдар»
8. «41 казан сүмөлөк фестивалы»,
9. » 1 тонна бешбармак»
10. «40 кыз долбоору»
11. » Президентке кат куржун»
12 «Алтын калем» сыйлыгы
13. Карылар үйүнө боз үй белек акциясы
14. «Ынтымакстан» «Жайдарман» иш чарасы
15. Көзү өтүп кеткен 120 журналисти эскерүү ( эстегендеримди гана жаздым )
Идея боюнча
Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратып, элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап? келечек муунга өткөрүп берүү, ыймандуу коомду түзүү, үй бүлө, нике институтун бекемдөө макстатында өлкөнүн өнүгүп өсүүсүнө салымын кошкон, өрнөктүү өмүр аркалаган көп жыл бирге өмүр сүргөн үлгүлүү жубайлардын “Алтын жылдардагы алтын кадам -2017” теледолбоору 1-октябрь карылар күнүнө карата 30-сентябрь күнү Бишкек шаарында өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, 26-июль күнү социалдык тармакта долбоор расмий жарыяланган . Мобилдүү топтор жер-жерлерде үлгүлүү үй бүлөлөрдү таап , сурамжылоо тандоосун жүргүзүшкөн. Салтанаттуу иш-чарага жалпы 7 дубандан тандалып алынган 50, 60,70 жыл бирге өмүр сүргөн 15 жубай катышат. Бул демилге коомубузга өрнөк болмокчу демилге .Эң башкысы үй бүлө баалуулуктарына аздектөөгө үндөйт жана кары адамдарыбызга ызаат көрсөтүү, камкордукка алуу .
Борбордогу “Бакыт өргөөсүндө” бул жубайлардын урматына атайын чоң салтанаты болот. Бир күндө бир жерде 15 жубайдын туруктуулук менен келген ак тойлору болот . Бекемдиктин ынтымактын, түбөлүктүүлүктүн символу болсун деп “Бакыт өргөөсүнүн” алдына бак олтургузуу аземи жакшы саамалык катары кабылданат деген ойдобуз . Атайын даярдалган лимузиндер менен өчпөс оттун жанына барып гүл коюу аземи өзгөчө сүртүмдөрдү тартуу кылат. Муну менен бирге “Хан-Теңир” этно -ресторанда салтанат кече тартылып, салтанаттын урматына концерт өткөрүлөт.
Мына ушул алкакта ордодогу бул иш чара кыргыз жаштарына чоң иделогиялык башат болуп берет деген аруу тилегибиз бар. Акыркы кездери жаштар арасында ажырашуу өтө көп.
Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу, ыймандуулука үндөө, үй бүлө , нике институтун бекемдөө – бул мамлекеттин гана эмес, ошондой эле катардагы жарандардын дагы милдети. “Алтын жылдардагы –алтын кадам-2017” долбоору жакшылыкка жарчы долбоор.
Урматтуу ММКнын өкүлдөрү, 1-октябрь карылардын күнүнө карата эртең саат 12 -00дө Бакыт өргөөсүндө боло турган бул иш чараны чагылдырып кетүүгө чакырабыз..
2017-жыл 29-сентябрь. ( сүрөт, виделорду кошо салам)
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс