Понедельник , 29-Ноябрь 2021
Башкы бет / Досье / Чарчоо

Чарчоо

Шайы оой түшкөн шаардыктар

Шашылат кайтып ишинен.

Үрпөйөт жалгыз көгүчкөн
Үйлөрдү карап үшүгөн.
Тополоң менен бүттү эле,
Толкуган элдин тилеги.
Былтыркы күздүн катасы —
Быйылкы кыштын илеби.
Жыйналган элге «жыл өтпөй
Жыргатам баарын» деди эле,
Көзүнө бирден ок тийип
Көп жигит таяк жеди эле.
Жадабай койдук чоңдордон
Жаңыла берип көп ирет,
Эрендер мүргүп, ошондо
Эл сокур болгон көрүнөт.
Өзүбүз эле өстүрүп
Өзөккө чоочун, өгөйдү,
Көзүнө сайсаң көрбөгөн
Көөдөнү сокур көбөйдү.
«Эл менен көргөн той» дешет
Элүүнүн быйыл белеси.
Эжем жок бирок төрүмдө
Эркелеп турган элеси.
Багыт жок бараар жолдогу.
Баарысы күңүрт, арасат.
Келечек тарап көрүнбөй
Кетчүлөр кетип баратат.
Калп экен кебиң, «чырагым».
Караңгы каптап көчөнү
Өлкөдөн кетти далайы,
Өмүрдөн кетти нечени.
Чыкылдап сааттын жебеси.
Чындыкка жалган окшобойт.
Уурдалган өмүр кайрылбайт.
Убакыт гана токтобойт.
(03/10/2021)
Жыргалбек Касаболот
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс