• Вс. Июн 26th, 2022

Популярные метки

«Өлкөнүн экономикасына терапиялык эмес, хирургиялык кийлигишүү керек!»

Автор:ruh_admin

Окт 4, 2021
«Өлкөнүн экономикасына терапиялык эмес, хирургиялык кийлигишүү керек!»
«СКС» программасы:
Өлкө жарандарына 500 000 акысыз батир. Турак жайы жок 70% жаш үй-бүлөлөргө 30млн.чарчы метрге анын ичинде: Баткенде-40 000, Ошто- 60 000, Жалал-Абадда -40 000, Таласта-30 000, Чүйдө-70 000, Нарында- 30 000 батир салынып, Бишкекте 180 000 батири бар жаңы шаарча курулат. Анда заманбап соц.курулуштар, билим академиясы ж.б. пландалган.
Мугалимдин айлык акысы 80 000 с.
Студенттик стипендия — 16 000с,
Дарыгердин маянасы- 96 000с-128 000с,
Мед.персонал — 80 000с,
УКМК- 96 000с- 160 000с ,
ИИМ, ӨК- 80 000с- 160 000с,
ТИМ- 96 000с- 160 000с,
Маданият кызматкерлериники 5 эсе көбөйтүлөт,
Бюджет кызматкерлеринин айлык акысы 80 000с төмөн болбошу керек!
Айыл чарба секторунда кредиттик колдоо 10 жылдык мөөнөткө 0% менен жалпы 400млн. $;
Кредити бар же кайтара албагандардын карызын жабууга 200млн$,
650 000 пенсионердин орточо пенсиясын 5000с — 19 000с чыгаруу,
400 000 жумушсуз жаранга 8300с жөлөк пул.
Программанын ишке кириши менен жылдык киреше болгон 17, 5 млр.$ дын 16, 1млр.$ы социалдык-экономикалык саясатка жумшалып, калган калган 1, 4 млр.$ 33 тонна нак алтынга айландырылып мамлекеттин валюта фондунда сакталмакчы.
Бул жомок эмес! Мен мисалы дал ушул жомокко баргым келет, келечекте реалдуу шартта балдарым жашаса дейм, өзүм тезирээк көргүм да ошол күнгө жетким да келет🙏🤲. Мен ишенем! Ишенгим келет!
«СКС» Социалдык капиталдык курулуш программасы : амбициялуу, максаттуу программа. Анын алкагында : ири уставдык капиталы бар мамлекеттик банк ишке киргизилет. ГЭСтер курулат. Экологияга зыянсыз металлургиялык комбинаттар салынат.Цианитсиз, уулуу затсыз өндүрүлө турган технологиялар менен эле бардык химиялык элементтер, алтындан да баалуу асыл таштар кыргыздын казынасына түшүрүлүп, экономиканы көтөрүүгө жумшалат. «Алтындын үстүндө отуруп, ачка жүргөн» эл атанып, улам-улам сырткы шылуунга, бирде өз коррупционерлерге жем боло бербей аракетке келчү мезгил келди сыягы. «СКС» ти байкайлы. Программада ЖЭБге келчү көмүр да атайын куур аркылуу газафикацияланып Жумгалдан бери түтүк менен ЖЭБге түз тартылып келинет. Ар бир өндүрүш калдыксыз иштеп, чайырдан бери кайра иштетилип чыгат. Экология, жарандардын саламаттыгы биринчи орунга коюлат. Туризм тармагында Ысык-Көлдү кыдырата катарынан 430 чакырым канализация тартылып, саркынды суу дагы тундурулуп кайра иштетүүдө сугатка пайдаланылат. Эми калганын программа туурасында кенен маалымат камтылган видеодон шашпай көрүңүз замандаш. Дыкат изилденип-иликтенип, экономист, аналитик, эксперт, геолог ж.б тиешелүү адистердин акылында калчанып, сынынан сыдырылып 2-3жыл даярдалган программа экен. Өлкөсүн сүйгөн, мамлекеттин жүгүн көтөргөн азаматтардын болгону үчүн абдан кубанычтамын👏. Калганы кудайдын колунда.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс