Воскресенье , 17-Октябрь 2021
Башкы бет / Жаңылыктар / Талибан: Эгер дүйнөлүк коомчулук кийлигишпесе, биз Тажикстанды 24 саатта басып алабыз

Талибан: Эгер дүйнөлүк коомчулук кийлигишпесе, биз Тажикстанды 24 саатта басып алабыз

Ошондой эле жакында эле Талибан кыймылы түзгөн Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн башчысынын орун басары, кыймылдын Катардагы саясий кеңсесинин мурдагы башчысы Мулла Абдул Гани Барадар Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишип жатканын айткан.

Өткөн аптада талибдер Мансури армиясынан Тажикстан менен чектеш Тахар провинциясына он миңдеген атайын күчтөрдү жөнөткөнүн жарыялашкан. Талибандын өкүлү Забихулла Муджахид «потенциалдуу коопсуздук коркунучтарын жана башка чакырыктарды жоюу үчүн Мансури Ислам Эмиратынын Армиясынын он миңдеген атайын күчтөрү жайгаштырылганын» айтты.

Акыркы күндөрү талибдер «Ансаруллах» тобунун тажик согушкерлерин Кабулдан кайра Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясына жибергени тууралуу маалыматтар тарады жана алар ооган-тажик чек арасынан өтүүнүн жолдорун издеп жатышкан имиш.

БУЛАК: ua.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс